Орусия Украинага 400дөн ашуун дрон менен сокку урду

Орусиянын армиясы 29-мартка караган түнү Украинанын аймагына жапырт сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Аба күчтөрү кабарлап, өлкө боюнча 400дөн ашуун «Кинжал» баллистикалык ракетасы менен чабуул болгонун билдирди.

Жергиликтүү полиция Харьков облусундагы аткылоодон жети киши жабыркаганын маалымдады. Жарандык машинага дрон түшкөн учурда үч киши жараат алды. Дагы үчөө турак жайдагы соккуда жабыркаган. Алардын бири 90 жаштагы аял.

Одессада дрондор энергетикалык объектилерге сокку уруп, бир нече калктуу конуштарда көйгөй жаралганын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.

Донбасс.Реалий басылмасынын журналисти билдиргендей, орус армиясы Донецк облусундагы “Украина” отелине сокку уруп, өрт тутанган. Бир киши жараат алганы кабарланууда.

Чернигов, Сумы облустарында дрон чабуулунан кийин жыгач иштеткен ишкананын кампасында, башка дагы имараттарда ири өрт тутанды.

Орусиянын 28-марттагы аткылоосунан кийин Николаев облусунда жараат алгандардын саны өсүп, 10го жетти.

Орусия соңку чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Согуш шартында тараптардын маалыматын көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Бекназаров УКМКнын соңку беш жылдагы ишин комиссия текшериши керек деп эсептейтИран АКШнын Сауд Арабиядагы базасына сокку урду, ондогон аскер жараат алдыРубио АКШ Украинага деген курал-жарагын Жакынкы Чыгышка жибериши мүмкүн экенин айттыЛенинграддагы Усть-Луга порту кайрадан дрон чабуулуна кабылды