Чыңгыз Айдарбеков БШК ага депутаттык мандат бериши керектигин айтты

Чыңгыз Айдарбеков.

Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча талапкер Чыңгыз Айдарбеков өзү тууралуу интернетте тараган видео жана депутаттык мандат берүүнүн кечигиши тууралуу жооп берди.

Ал Фейсбуктагы расмий баракчасына видео кайрылуусун жарыялап, дипломат катары Түркмөнстанда, Жапонияда иштеп жүргөндө мыйзамсыз иштерге аралашканы тууралуу сөздөрдү четке кагып, Бишкектеги мүлк иши боюнча да маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

“Жогорку Кеңештин депутатын БШК дайындабайт. Алар Конституциянын негизинде элдин талабын аткарат. Элдин өкүлү шайланып келет. Элдин ишениминин негизинде келе турган депутаттарга БШК үч күндүн ичинде мандат берүүгө милдеттүү. Бүгүн 19-күн болду. Кыргызстандын эгемен тарыхында мындай болгон эмес. БШК интригаларга малынбай өз ишин аткарышы керек”, - деди ал.

23-мартта Ютубдагы ээси ким экени белгисиз канал “Чыңгыз Айдарбековдун чуулгандуу кылмыштары. Эл чындыкты билиши керек!” деген тема менен 5 мүнөттөн ашык видео жарыялаган. Анда “Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде иштеп жүргөндө түркмөн жарандарына Кыргызстандын визасын сатып, аткезчилик менен алектенгени” айтылат. Ушундан улам Түркмөнстан Чыңгыз Айдарбековду “персона нон грата” деп жарыялаганы сөз болгон.

Чыңгыз Айдарбеков бул маалыматты төгүндөп, “персона нон грата” деп жарыяланган адам ал өлкөгө кире албай каларын, ал соңку 10 жылда Түркмөнстанга бир нече жолу барганын билдирди. Ал эми Бишкектеги мүлк чыры боюнча Жогорку соттун чечими бар экенин, каражат төлөнгөнү тууралуу бардык дүмүрчөктөрү колунда турганын кошумчалады.

№21 округдан шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта жазган арызынын негизинде алынып, кийин өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Добуштардын саны боюнча андан кийинки орунда турган Чыңгыз Айдарбековго мандат бериле элек. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.

49 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков соңку алты-жети жылга жакын убакыттан бери саясатка аралашып жүрөт.

Ал 1998–2008-жылдары Тышкы иштер министрлигинде атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон.

2016-жылы Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болгон. 2018-жылы тышкы иштер министри болуп дайындалса, 2021-жылдагы шайлоодо “Альянс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Ал чакырылышта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына шайланып, бирок Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору боюнча бийликтин чечимине каршы чыккан. Мындан соң комитет төрагалыгынан кетип, “толук жана ыйгарым укуктуу элчи” деген дипломатиялык наамынан ажыратылган. (BTo)

Дагы караңыз

АКШда Трамптын саясатына каршы нааразылык акциясы өттүБекназаров УКМКнын соңку беш жылдагы ишин комиссия текшериши керек деп эсептейтИран АКШнын Сауд Арабиядагы базасына сокку урду, ондогон аскер жараат алды"Кыргызстан улуттук электр тармагы" Кытайдан акылдуу эсептегич сатып алатТашиевдин уулу президентке кайрылган ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты