Кыргызстандын Энергетика министрлиги 1-майдан тартып электр энергиясынын баасы жогорулай турганын маалымдады. Бул чечим 2025–2030-жылдарга карата орто мөөнөттүү тариф саясатынын кезектеги баскычынын алкагында ишке ашырылат.
Ага ылайык, 2030-жылга чейин ар жылы 1-майдан тартып тариф жогорулап турары айтылган. Быйыл 27 тыйын, 2027-жылы 33 тыйын, 2028-жылы 39 тыйын кошулат. 2029-жылы 47 тыйынга жана 2030-жылы 57 тыйынга көбөйөт.
Карапайым керектөөчүлөр 1-майдан тарта 700 кВт саатка чейин колдонгон электр энергиясына 1 сом 64 тыйындан, андан ашса 2 сом 94 тыйындан төлөшөт. Бийик тоолуу жана жолу татаал аймактардын тургундары үчүн 1 сом 64 тыйын, аз камсыз болгон ("Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган) үй-бүлөлөр 700 кВт саатка чейин 50 тыйындан, андан көп колдонсо 2 сом 94 тыйындан төлөшөт.
"Чексиз" тарифи калк үчүн 4 сом 17 тыйындан эсептелет.
Ишканалар жана мамлекеттик тармактарда: социалдык жана коомдук мекемелер 1 кВт саат электр энергиясы үчүн 2 сом 96 тыйын, өндүрүштүк керектөөчүлөр 3 сом 65 тыйындан, коммерциялык керектөөчүлөр 4 сом 33 тыйындан, бюджеттик керектөөчүлөр 4 сом 62 тыйындан төлөшөт. Ал эми автоунаа кубаттоочу жабдуулар үчүн тариф 5 сом 99 тыйын.
Токтогул районунун, Кара-Көл шаарындагы Жазы-Кечүү айылынын тургундары жана жергиликтүү насос станциялары үчүн өзүнчө баа каралган.
Бул аймактардын тургундары 150 кВт саат электр энергиясы үчүн анын өз баасын төлөшөт. 150-700 кВт саатка чейин 1 сом 64 тыйын, андан көп пайдаланганда 2 сом 94 тыйын. Жакыр үй-бүлөлөр 150 кВт саатка чейин өз баасында, 700 кВт саатка чейин 50 тыйындан төлөшөт. Насостук станцияларга да электр энергиясы өз баасында берилет.
Учурда жарыктын баасы калк үчүн 700 кВт/саатка чейин 1 кВт/сааты 1 сом 37 тыйын. (ZKo)