Израил терактка айыпталгандарды өлүм жазага тартат

Израилдин аскердик түрмөсү. Оккупацияланган Рамалланын жанындагы Офер шаары. 24-ноябрь, 2023-жыл.

Израилдин парламенти (Кнессет) теракттар үчүн соттолгон палестиналыктарды өлүм жазасына тартуу каралган мыйзамды кабыл алды. Ашынган улутчулдар партиясы мыйзам террордук кол салууларды алдын алууну көздөйт деп айтса, укук коргоочулар муну дискриминациялык кадам деп сындашууда.

Европалык кээ бир өлкөлөр Израил бийлигинин бул демилгеси демократиялык принциптерге көлөкө түшүрөрүн эскертишет. БУУ Тел-Авивди мыйзамды жокко чыгарууга үндөдү.

Эми мыйзамга ылайык, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги оккупацияланган аймактарда израилдик соттор тарабынан «теракт» деп таанылган, адам өлүмү менен коштолгон чабуулдар үчүн айыпталган палестиндер 90 күндүн ичинде дарга асылууга тийиш. Өкүмдү ишке ашырууну жарым жылга жылдыруу мүмкүн, бирок ырайым берилбейт.

Бул жаңылык Израилдин абактарында отурган палестиналыктардын жакындарын бейпайга салды:

"Бул чечимди укканда жүрөгүм ооруй баштады, уйкум качты, кирпик какпай кыйналып жатам. Бассам-турсам оюм баламда. Ок атууну токтотуу келишиминен кийин кое беришет, мен аны көрөм деп үмүттөнгөм эле", - деп бөлүштү санаасы менен палестиналык туткун Умм Юсуф Дахдухтун энеси Рейтер агенттигинин кабарчысы менен маектешкенде.

Израилдеги ашынган оңчулдар 2023-жылдын 7-октябрында болгон чабуулдардан кийин мыйзамды сүрөөнгө алып келишкен. Ал кандуу күнү ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун согушкерлери Израилди аткылаганда 1200 киши каза тапкан, 250 киши барымтага алынган. Ошондон кийин Газа тилкесинде башталган согуш 70 миңден көп палестиналыктын өмүрүн кыйды.

Мыйзамдын автору, Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир өлүм жазасы израилдиктерге каршы теракт уюштурууну же барымтага алууну көздөгөн палестиналыктарды ооздуктай турганын айтат:

"Бүгүнтөн тарта ар бир террорчу жана бүт дүйнө адамдын өмүрүнө кол салгандарды Израил мамлекети өмүрүнөн ажыратарын билүүгө тийиш. Мындай адилеттүүлүк эртеңки таңдан баштап жараткандын жардамы менен орношу керек".

Өлүм жазасы кол салуулардын максаты Израил мамлекетин тануу болгон учурлар үчүн каралгандыктан, жобону сындагандар мындай жогорку чара палестиналыктарга гана колдонуларын белгилешет.

Премьер Биньямин Нетаньяхунун улутчул-динчил коалициясынын буга чейинки айрым кадамдары да Батыштагы өнөктөштөрдүн тынчсыздануусун жаратып келген. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандаай, өкмөт башчы эл аралык коомчулуктун сын-пикирлерин алдын алуу максатында документтин айрым жерлерин жумшартууну өтүнгөн.

Кнессеттеги добуш берүүгө чейин эле Германия, Франция, Италия жана Британия мыйзамды палестиналыктарды дискриминациялаганы үчүн сындашкан жана Израилдеги демократиялык принциптерге көлөкө түшөрүн билдиришкен.

Оппозициялык “Демократтар” партиясынын лидери Яир Голан дагы мыйзамды сындап, эл аралык санкциялар салынышы мүмкүн экенин эскертти. Анын пикиринде, бул эч зарылдыгы жок демилге өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөгө салып кошпойт.

Израилдин Жарандык укуктарды коргоо ассоциациясы мыйзамды жокко чыгаруу талабы менен Жогорку сотко кайрылуу жөнөттү.

B'Tselem укук коргоо уюму Иордандын батыш жээгиндеги соттордо күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн палестиналыктарды кыйноо тажрыйбаса колдонуларын белгилейт:

"Бул мыйзам оккупациянын эрежелерин бузат жана дискриминациялык мүнөзгө ээ. Аймакты ээлеп алган бийликтин ал жакта жашаган адамдарды өлүм жазасына өкүм кылуу мүмкүнчүлүгү чектелет. Мындан тышкары оккупацияланган жерлерде, конуштарда жашаган израилдик жөөттөр кылмышка айыпталган чанда жолукчу маалда да өлүм жазасына тартылбайт. Алар палестиналыктарды өлтүргөн учурда да мындай жазага туш болбойт", - деп айтты B'Tselem укук коргоо уюмунун директору Сарит Микаели.

Палестин администрациясы жобону кабыл алууну айыптап, аны «мыйзамга жамынып, адамды сотсуз өлүмгө тартууну легалдаштыруу” деп атады.

БУУнун эксперттер тобу мыйзамда «террорчу» деген аныктама так эместигин, «теракт деп эсептелбеген аракеттер үчүн» өлүм жазасы колдонуп калышы мүмкүн экенин белгиледи.

Израилдин тарыхында өлүм жазасы эки жолу гана ишке ашырылган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, өлүм жазасына тартуу өмүр аягына чейин абакка кесүүгө караганда кылмыштуулукту азайтууда натыйжалуу деген далилдер жок.

31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты Израилди “дискриминациялык” мыйзамды жокко чыгарууга чакырды:

“Улуттар Уюму өлүм жазасына кандай гана шартта болбосун каршы. Бул жаңы мыйзамды ишке ашыруу, гумандуу эмес, ырайымсыз жазага каршы эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелет. Израил расалык сегрегация жана апартеидге салынган тыюуну ого бетер бузууда. Себеби, андай жаза оккупацияланган Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жана Израилдеги палестиндерге гана колдонулат. Алар көп учурда адилетсиз сот процесстеринде айыптуу деп табылат”.