Энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча улантылып жаткан иш-чаралардын алкагында – Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 1-апрелде кабарлады.
Мындан сырткары курулушту аткаруучу уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалды. Үч шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Атайын кызмат тактагандай, Сулайманов кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын лобби кылуу аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурган деп шектелүүдө.
Буга чейин Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери "НарынГЭС" ААКсы жана подряддык уюмдар иштин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргенин аныктап чыгышканы маалымдалды.
Мунун алдында социалдык тармактарда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатат деген адамдардын видео сүйлөшүүсү тараган. Анда Кундузбек Сулаймановдун аты аталып жаткан эле.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошол окуядан кийин өлкөдө бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болуп, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.
Дээрлик бир ай чет өлкөдө жүргөн УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев 19-мартта Бишкекке келип, ИИМдин Тергөө кызматында эки иш боюнча сурак берген. (ErN)