Жаан-чачын жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
2-апрелде түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 17…22
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түндүсү 9…11°, күндүз 26…28° болот.