УКМК экс-депутат Сулаймановду кармады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламенттен бир ай мурун кеткен экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды. Атайын кызматтын маалыматында ал кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, айрым жеке компаниянын кызыкчылыктарын лобби кылуу аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурган деп шектелүүдө. Күн мурун интернетте Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатат деген адамдардын видео сүйлөшүүсү тарап, анда Кундузбек Сулаймановдун аты аталган эле.