Бир күндө 15 миңден ашуун бала 1-класска катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-апрель күнү 15 миңден ашуун бала 2026-2027-окуу жылына 1-класска электрондук түрдө катталды. Агартуу министрлиги маалымдагандай, каттоонун биринчи баскычы 1-апрелде саат 10:00дө башталган.

Саат 17:30га карай жалпы өлкөдө 15 626 бала жашаган жери боюнча зоналдык микроучастоктогу мектептерге катталды.

Бишкек шаарында — 4 478;
Ош шаарында — 510;
Ош облусунда — 2 630;
Жалал-Абад облусунда — 2 505;
Баткен облусунда — 1 641;
Чүй облусунда — 1 582;
Ысык-Көл облусунда — 1 104;
Нарын облусунда — 641;
Талас облусунда — 535;

Баланы 1-класска мектепке кабыл алуу анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) арызынын негизинде "Электрондук жазуу" кызматы же 1mektep.edu.gov.kg платформасы, ошондой эле “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында, эки баскычта жүргүзүлөт.

-биринчи баскычта балдар мектепке туруктуу катталган жери боюнча алынат.
- экинчи баскычта жашаган аймакта бош орун бар мектептерге кабыл алынат.

Биринчи баскыч 1-апрелде башталды, экинчиси 1-июндан тартып жүрөт.

Бала 1-класска кабыл алынган кезде мектеп анын билимин текшерүүгө укугу жок. Билимин аныктоочу тест, сынак, аңгемелешүү ж.б. жүргүзүүгө тыюу салынат.

Ошол эле учурда mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлттүккө учурап каларына нааразылыгын билдирген ата-энелер да бар.

Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт. (ZKo)

Дагы караңыз

ӨКМ Аламүдүндө иске ууланган киши аман калганын билдирдиСпикер Маматалиев 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнүн айттыТрамп АКШ Ирандагы "ишин" аяктап калганын, бирок 2-3 жумада "катуу сокку" урулушу ыктымал экенин айтты Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болдуТаттууга катылган ийне кара ниеттикпи же оору кесепетиби? Орусия аннексиялап алган Крымда Ан-26 учагы кулап, 30 киши каза тапты