Аламүдүн районунун Молдовановка айылында үйдө өрт чыгып, бир бөлмөсү өрттөндү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдагандай, айылдагы Пионер көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн бир бөлмөсү өрттөнүп, анын кесепетинен эркек киши иске ууланган. Маалыматка ылайык, ал аман калды, абалы жакшы.
Үй күйүп жатканы тууралуу маалымат 1-апрелде саат 17:26да өрт өчүрүү кызматына түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр бир саат ичинде өрттү толук өчүрүп, бөлмөдөгү адамды алып чыгышкан. Кырсыктын себеби иликтенип жатат.
1-апрелге караган түндө Ош шаарындагы жер үйлөрдүн биринде өрт чыгып, кырсыктан 69 жаштагы адам каза болгон.
5-мартка караган түнү Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен сегиз, алты, беш жана үч жаштагы балдар каза болгон.
Былтыр октябрда да Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин беш баласы менен каза тапкан. Ушул окуядан кийин президент Садыр Жапаров өрт коопсуздугу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. (ZKo)
Шерине