Сизди телефондон ким тыңшайт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кандай гана смартфон же ноутбук болбосун “бузуп” кирип, андагы каттарды, фото-видеолорду жана башка маалыматтарды алып чыгууга мүмкүнчүлүк берген программалар көп. Алардын арасында UFED деген Израилде чыгарылган аппарат дагы бар. Жеке максатта колдонууга тыюу салынган бул программа дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүнө экспорттолгон. Аны сатып алган мамлекеттердин катарында Казакстан да бар. Кыргызстанда дагы саясатчылардын телефондон сүйлөшкөнүн тымызын жаздырып алып, анан жарыялаган учурлар аз эмес. Аларды ким, кандай жол менен жаздырат? Кыргызстанда ал үчүн атайын аппараттарды, программаларды ким, кайдан сатып алат?