Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул жагдай териштирилип жатканын, окуу-машыгуу токтотулганын маалымдады. Бул окуя Орусиянын авиабазасынын тегерегиндеги талкууга жем таштады.
31-марттын кечинде Ысык-Көлдүн Сары-Камыш айылына снаряд түшкөн тасмалар социалдык тармактарга тарады. Анда көрүнүп тургандай, бош снаряддар ээн жерге түшүп, ал жерлер оюлуп калган. Сары-Камыш айылынын Балыкчы шаарына жакын жеринде болгон окуя жергиликтүүлөрдү коркутту.
Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Асылмырза Эсентуров калаанын Сары-Камыш айылына жакын тарабында жашайт.
"Социалдык тармактардан көрдүк, өзүм ошого жакын жерде жашаган үчүн үйлөрдө да титиреп кооптуу жагдай болду. Жылда окуу-машыгуу болгон учурда жардыруулар болгондо кадимкидей сезилип турат. Балыкчы менен Сары-Камыштын ортосуна түшкөнү шаар тургундарын бир аз кооптондурат".
Коргоо министрлиги эки снаряд Канттагы Орусиянын авиабазасына таандык СУ-25 учагынан машыгуу учурунда кокустан түшүп кеткенин жана эч ким жабыркабаганын билдирди.
"Орусия Федерациясынын Аба-космостук күчтөрүнүн командачылыгы тарабынан атайын комиссия дайындоо чечими кабыл алынды, ал жакынкы арада келет. Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин чечими менен окуянын себептери такталганга чейин окуу-машыгуулар токтотулду”.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ысык-Көлгө Орусиянын учагынын дүрмөтү түштү
Окуяны Ысык-Көл облустук милициясы каттоого алып, материалдар териштирүү үчүн Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнү маалым болду.
Дагы караңыз
ЖККУнун Бишкек саммити: Уюмдун келечеги, жаңы баш катчыБул окуя социалык тармактарда да талкууга түшүп, Орусиянын Кыргызстандын аймагында жайгашкан авиабазасынын тегерегиндеги сын-пикирлерге жем таштады.
Дагы караңыз
"Транзиттик хаб". Борбор Азиядагы өлкөлөр дрон өндүрүшүн күчөтүүдөКоомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Ысык-Көлдүн аймагында аскердик учактарга тыюу салуу керек деген пикирин ортого салды.
"Орусиянын аскердик учактарына Ысык-Көлдүн акваториясында учууга тыюу салуу жана Койсарыдагы аскердик базаны жабуу керек. Анткени бүгүнкү күндө ал жерде торпедаларды сыноочу базанын болуусуна зарылчылык жок. Ысык-Көл - эл аралык маанидеги туризм жана эс алуу борбору, биосфералык резерват. Орусиялык аткылоолордон жана торпедалык сыноолордон улам биз өнүгүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп жатабыз".
Орусиянын Аскер аба күчтөрү атайын комиссия түзүп, жакын арада окуя болгон жерге келери маалым болду.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков бул окуяны техникалык мүчүлүштүк катары кароо керек дейт.
"Бул окуяны чоң саясат кылыштын кереги жок го дейм. Кант авиабазасындагы атайын кызматтар техникалык жагынан учкучтун ишмердигин жана башка жагдайларды териштирип, жыйынтыгын чыгарат. Бул окуяга себепкер болгон учкучтар жана учакты даярдаган техниктер жоопкерчилигин тартат.
Орусиянын Кыргызстандагы бирдиктүү аскер базасына "Кант" авиабазасынан тышкары, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмологиялык пункт кирет. Бул объектилер 2012-жылкы макулдашууга ылайык, бирдиктүү орус базасына бириктирилген.