Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга жөнөткөн гуманитардык жардам.

Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги (ѲКМ) президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Иранга 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн билдирди.

Ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана дары-дармек бар жалпы салмагы 129 тонна гуманитардык жардам оор жүк ташуучу жети автоунаага жүктөлгөн. Жүк Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычевдин катышуусунда тапшырылат.

Буга чейин расмий Бишкек Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, ок атышууну токтотуп, жаңжалды эл аралык укуктун талаптарына жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уставына ылайык тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырган.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймагына абадан сокку уруп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Макрон Ормуз кысыгын “бошотуу” операциясы реалдуу эмес деп эсептейтОрус армиясы Украинанын Харьков, Днепропетровск облустарына абадан сокку урдуТрамп Ирандагы согушту "тез арада" аяктоону убада кылды Молдова парламенти өлкөнүн КМШдан чыгуу чечимин жактырдыСпикер Маматалиев 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнүн айттыСоттун чечими менен Шаирбек Ташиев 16-майга чейин камалды Кубат Чекиров чындыкты айткан журналист коркунуч эмес экенин айтты