Сот адвокат Токтакуновдун арызы боюнча Фейсбук колдонуучусун 20 миң сом айыпка жыкты

Нурбек Токтакунов.

Адвокат Нурбек Токтакунов Санжарбек Тилеков аттуу Фейсбук колдонуучусу социалдык тармакта анын аброюна шек келтиргени үчүн 20 миң сом айыпка жыгылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-апрелде чыгарды.

Нурбек Токтакунов сотто Санжарбек Тилеков күнөөсүн мойнуна алып, андан кечирим сураганын кошумчалады.

Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 1071-беренеси боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, кемсинткен деген адамга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салынат. (BTo)

Дагы караңыз

Ирандын түндүгүндө АКШнын соккусунан негизги көпүрө жарактан чыктыҮч өлкөнүн өкүлдөрү "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоорун талкууладыКыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттүИтке таланган баланын абалы туруктуу экени маалымдалдыМакрон Ормуз кысыгын “бошотуу” операциясы реалдуу эмес деп эсептейтОрус армиясы Украинанын Харьков, Днепропетровск облустарына абадан сокку урду