Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитине карата Фучик көчөсүнүн чети тосулат

Фучик көчөсү. Архив сүрөт.

Бишкек мэриясы шаардагы Фучик көчөсүнүн Рыскулов менен кесилишинен баштап “Достук” айылына чейинки бөлүгүнүн эки четин тосууну көздөп жатат. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуштар башкармалыгы Сатып алуулар порталына жарыя берди. Тосмолорду орнотуу Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруунун алкагында каралган.

Бул жол “Манас” аэропортунан келип шаардын борбордук бөлүгүнө кире бериште жайгашкан.

Тосмо орнотуунун баасы 391 миллион 620 миң сом деп көрсөтүлүп, 30-августка чейин бүтүрүү талабы коюлган.

ШКУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылары жана саммити быйыл Бишкекте өтөрү белгилүү болгон. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары да быйыл Кыргызстанда 31-августта башталып, 6-сентябрда жыйынтыкталат.

2016-жылы Бишкекте өткөн Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештиги уюмунун саммитинин алдында да Фучик көчөсүндө жана Жибек жолу проспектисинин бир бөлүгүндө ушундай тосмолор орнотулган. Жеңил курулуштардын айынан жөө адамдар өтчү жолдор тосулуп, жарандар ыңгайсыздык жаралганына нааразылыгын билдиришкен.

Дагы караңыз

Трамп Ирандын чечим кабыл алууга 48 сааты калганын эскерттиБишкекте эки баласы менен терезеден кулаган аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду Ит талаган баланын атасы президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусун өтүнүүдөБишкекте жана Ошто жалпы 1,5 миңдей дарак отургузулду