Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөн төрт жашар кыздын абалы өтө оор экенин билдирди. Министр Дамир Осмонов ал жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барып, абалы менен таанышты.
Дарыгерлердин айтымында, наристенин баш мээси жабыркаган, астыңкы жаагы сынган, оң колунун ийин сөөгү сынып, ордунан жылып кеткен. Мындан тышкары өпкөнүн жана ички органдары, ооз көңдөйүнүн жабыркаганы айтылды. Азыр жандандыруу бөлүмүндө жана ага жасалма дем алдыруу аппараты коюлган.
4-апрелде кечке жуук Бишкектин Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн бир аял эки баласы менен кулап кеткен. Милиция 27 жаштагы аял эки жаштагы баласы менен ошол жерде жан бергенин, төрт жаштагы баласы ооруканага жеткирилгенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен кылмыш иши козголуп, 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кылмышка шектелип кармалган.