Орусия менен Украина бири-биринин дрон чабуулуна кабылганын билдирди

Одессага урулган соккудан чыккан өрттү өчүрүү учуру. Иллюстрация.

Херсон облусунда өткөн суткада Орусия күчтөрүнүн аткылоосунан эки адам каза болуп, 13ү жараат алганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди. Жабыркагандардын арасында бир бала бар. Сегиз көп кабаттуу үй жана 17 турак жай жабыркаган.

Харьков шаарына жана облустун 13 калктуу конушуна жасалган аба соккуларынан 11 адам жабыркады. Бул тууралуу облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Жараат алгандардын арасында 11 жаштагы кыз жана 95 жаштагы аял бар. Учкучсуз учактардан тышкары, орус армиясы аймакка сокку уруу үчүн алты башкарылуучу авиабомбаны колдонгон.

Сумы облусунда бир сутка ичиндеги аба соккуларынан 35 адам жабыркады, анын ичинде 19 бала бар экенин облустук полиция кабарлады. Көп кабаттуу үйлөр, автоунаалар жана административдик имараттар зыянга учураган.

Ал арада Орусия тарап да украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын билдирди. Нижегород облусунун губернатору Глеб Никитин 5-апрелге караган түнү украин дрондорунан "Лукойл-Нижегороднефтеоргсинтез" ишканасынын эки объектисине зыян келтиргенин билдирди. Өрт чыгып, толугу менен өчүрүлгөнүн кошумчалады.

Никитин билдиргендей, "Новогорьков” жылуулук электр борбору, бир нече турак жайлар жана үй алдындагы жер тилкелери жабыркаган. Жергиликтүүлөргө электр энергиясын берүүдө кыйынчылыктар болууда.

Бийликтин маалыматы боюнча, Нижегород облусуна жасалган чабуулда 30 дрон байкалган.

Дагы караңыз

Кытайдын Казакстан жана Орусия менен чектеш аймагында шарп ылаңы катталды Бишкекте эки баласы менен терезеден кулаган аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду Жалдагы окуя: терезеден кулап түшкөн наристенин абалы өтө оорДүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитине карата Фучик көчөсүнүн чети тосулат