Иран Иракка Ормуздан өтүүгө уруксат берди

Ормуз кысыгы

Иран ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Ирактын кемелерине Ормуз кысыгынан өтүүгө уруксат берилгенин билдирди.

"Боордош Ирак үчүн Ормуз кысыгында киргизилген бардык чектөөлөр алынды", – деп жазылган Иран тараптын билдирүүсүндө.

Bloomberg белгилегендей, Тегерандын мындай чечими дүйнөлүк базарга күнүнө үч миллион баррелге чейин Ирактын мунайын өткөрүүгө шарт түзөт.

Ирактык аткаминер аталган агенттикке жыйынтык кысыкта коркунуч сакталып жаткан шартта кемелер андан өтүүнү каалайбы же жокпу деген суроодон көз каранды экенин айткан.

Азырынча чектөөнүн алынышы Ирактын бардык мунайына тиешелүүбү же өлкөнүн желеги алдында жүргөн танкерлерге элеби, белгисиз. Ошондой эле ал кандай ишке ашары да беймаалым.

Ирак мунай өндүрүү боюнча ОПЕК уюмуна мүчө мамлекеттердин арасынан Сауд Арабиясынан кийинки орунда турат.

  • Быйыл 28-февралда АКШ менен Израилдин биргелешкен аскердик операциясы башталганда Иран Ормузду жаап койгон. Ага чейин бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунай жана күйүүчү майдын 15–20%, суюлтулган газдын 30% чукулу өтүп турган.

Дагы караңыз

Жалдагы окуя: Алтынчы кабаттан кулаган эне-бала каза тапты, беш жашар кыздын абалы оор"Эквадорлук баканын уусу". Навальныйды кантип өлтүрүшкөн?