Айдарбековдун өкүлү БШКга байланыштуу президентке кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына №21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) аракетине байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Айдарбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Курсанбековдун атынан жазылган кайрылуу социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда БШК мандат берүүнү дээрлик бир ай кечиктирип жатканы, мекеменин аракети же аракетсиздиги талапкердин жана ага добуш берген 6259 шайлоочунун укугун бузары белгиленген.

Жогорку Кеңешке №21 шайлоо округунан келген депутат Куванычбек Конгантиев 10-мартта мандатын тапшырган. Боршайком андан көп узабай депутаттары мандат тапшырган беш округ боюнча жаңы талапкерлерди каттаган.

БШК №21 округ боюнча мандат берилбей келатканын Ички иштер министрлигинен (ИИМ) суралган маалыматтын кечигип жатканы менен түшүндүрүүдө.

Чыңгыз Айдарбеков 2-апрелде экинчи ирет сурак берген. Ички иштер министрлиги аталган талапкердин жагдайы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Айдарбековдун талапкерлиги тууралуу талкуу болуп жаткан чакта социалдык тармактарда анонимдүү баракчалар аркылуу ал тууралуу компромат мүнөзүндөгү маалыматтар тараган. Анда Айдарбеков турак жайларга байланыштуу документтерди жасалмалоо ишине аралашканы, Түркмөнстандагы элчиликте иштеген учурда виза сатуу жана аткезчиликке кириптер болгону айтылат.

Экс-депутат ага реакция жасап, өзү тууралуу жалган маалымат тарап жатканын айткан.

Айдарбеков бул маалыматтарды каралоо деп атап, БШКдан мандат берүүнү талап кылган.

49 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков соңку алты-жети жылдан бери саясатка аралашып жүрөт.

Ал 1998–2008-жылдары Тышкы иштер министрлигинде атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болуп эмгектенген.

2016-жылы Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болгон. 2018-жылы тышкы иштер министри болуп дайындалса, 2021-жылдагы шайлоодо “Альянс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Ал чакырылышта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына шайланып, бирок кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу бийликтин чечимине каршы чыккан.

Мындан соң комитет төрагалыгынан кетип, “толук жана ыйгарым укуктуу элчи” деген дипломатиялык наамынан да ажыратылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Жыргалаң курортунун аймагындагы жер тилкелерин сатуу боюнча экинчи аукцион өтөтАзов деңизинде буудай тарткан кеме кыйрап, эки киши каза тапты ЖК комитети эпизоотиялык абалды жабык кароодоБишкекте жол тескөөчүгө орой мамиле жасаган спортчу кармалды