Бишкекте жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды

Борбор Булан институту жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин биргелешкен долбоору.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылды. Бул тууралуу 6-апрелде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.

Бул демилге Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен биргеликте ишке ашырылды.

Аталган борбор энергетика тармагындагы адистерди даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылган, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган заманбап билим берүүчү жана илимий-практикалык аянтча.

Борбордун капиталдык ремонту жана жабдуулары, ошондой эле учурда жүргүзүлүп жаткан жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча окутууларын Булан институту каржылоодо.

Институттун директору Чолпон Орозобекова борбордун негизги максаты Кыргызстанда жашыл энергетиканын ыкчам өнүгүүсүнө салым кошуу, заманбап адистерди даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү экенин белгиледи.

Бишкекте кайра жаралуучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды. 6-апрель, 2026

Кыргыз бийлиги энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну көбөйтүү планын жарыялаган. 2022-жылы Жашыл энергетика фонду түзүлгөн. Фонд гидроэнергетика, күн, шамал жана башка энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү багытында иштей турганы айтылган.

Мекеме 2024-жылдын июль-декабрь айларында инвесторлор менен конкурстук негизде 42 жер тилкесин ижарага берүү боюнча келишимдерди түзгөн.

2023-жылы мартта президент Садыр Жапаров “Энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда күн, шамал жана энергиянын жаңыланып туруучу башка да булактарын өркүндөтүү үчүн станция курууга бир катар жеңилдик берүү каралган. (КЕ)

Дагы караңыз

Таласта Апрель ыңкылабынын курмандыктары эскерилдиБарскоон–Бедел автожолун кура турган дирекция түзүлдүДагестанда суу ташкыны төрт өмүрдү жалмады, миңдеген киши эвакуацияландыУлуттук филармониянын алдындагы фонтанды толук жаңылоо башталды