АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Вашингтондо журналисттер менен сүйлөшүп жатып 7-апрель Иран үчүн АКШнын сунушун кабыл алып, тынчтык келишимин түзүү үчүн акыркы мөөнөт экенин айтты.
Ал Ирандын акыркы сунуштары "олуттуу" болгонун, бирок АКШ бул өлкөгө каршы өнөктүктүктү токтотууга "жетишсиз" болгонун белгиледи.
Мурдараак Трамп Иранды кескин түрдө 48 саат ичинде АКШ менен "макулдашууга" барууга, жок дегенде Ормуз кысыгын ачууга чакырган.
Жыйынтыгында Трамп мөөнөттү 7-апрелдин Вашингтон убактысы боюнча саат 20:00ге чейин (Бишкек убактысы менен 8-апрель, саат алты) жылдырган. Шартка көнбөсө Ирандын электр станцияларына жана башка энергетикалык объекттерине катуу сокку болорун эскерткен.
"Алардын электр станциялары, көпүрөлөрү - эч нерсеси калбайт", - деген Трамп.
Кечирээк Ак үйдөгү маалымат жыйынында ал Иран "бир түндө жок кылынышы ыктымалдыгын" билдирди.
"Бул түн эртең болушу мүмкүн", - деп кошумчалады ал.
Трамптын сөзүнө караганда, ультиматум мөөнөтү бүткөндөн төрт сааттан кийин Ирандагы "бардык электр станциялары" жана "бардык көпүрөлөр" жок кылынат.
Жарандык инфратүзүмгө сокку уруу аскердик кылмыш болбойбу деген суроого Трамп Ирандын бийлиги акыркы айларда каршылык билдирген 45 миң адамды өлтүргөнүн белгилеп жооп берди.
"Алар макулуктар, аларды токтотуу керек", - деди Трамп Иранга өзөктүк курал жасашына мүмкүнчүлүк берүү кылмыш болорун белгилеп.
Укук коргоочулар Иранда бийликке каршы чыккан миңдеген адамдар өлтүрүлгөнүн айтып келишет, айрым маалыматтар боюнча алар 10 миңден ашуун. Ирандын бийлиги бир нече миң киши өлтүрүлгөнүн мойнуна алып, бирок алар катуу кагылыштарда набыт болушканын, полиция кызматкерлеринин ичинде да өлгөндөр бар экенин белгилеген.
АКШ президенти эгер Иран "макулдашууга" келсе, согуш "өтө тез" токтошу мүмкүн экенин баса белгиледи.
Тегеран Вашингтондун талаптарын четке кагып келет.
Дүйшөмбүдө Пакистан тараптарды жараштыруу боюнча өзүнүн планын АКШга жана Иранга бергенин Reuters булактарына таянып жазды. Агенттиктин булактары билдиргендей, Исламабад арачы катары тез арада Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүүсүн жандантууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн согушту токтотуу планын сунуштоодо. Андан кийин тараптарга кененирээк сүйлөшүүлөрдү макулдашуу үчүн дагы 15–20 күн убакыт берилет. Документтерге кол коюу менен аяктай турган акыркы сүйлөшүүлөр Исламабадда өтүшү керек болот.
Жыйынтыктоочу келишим Ирандан санкцияларды алып, бөгөттөлгөн активдерин бошотуу менен өзөктүк курал жасабоого милдеттендирүү болору айтылууда.
6-апрелдин кечинде IRNA агенттиги Иран 10 пункттан турган өз тынчтык келишимин Пакистан аркылуу АКШга бергенин билдирди. Тегеран, агенттик билдиргендей, ок атышууну токтотуудан баш тартып, узак мөөнөттүү тынчтык келишимине басым кылууда. Ирандын талаптарынын ичинде санкцияларды алуу жана Ормуз кысыгында жүк ташуунун коопсуздугун камсыздоо боюнча протоколду иштеп чыгуу да бар.
Бул долбоорду АКШ президенти колдобогонун CNN жазды. Ошол эле учурда Ак үйдө "идеялардын бири тууралуу" сөз болуп жатканы белгиленген.
АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. АКШ президенти операциянын башкы максаты Иранга өзөктүк курал даярдоосуна жол бербөө экенин билдирген. Иран согуш башталгандан кийин дүйнөлүк мунай базарындагы эң маанилүү болгон Ормуз кысыгын жаап салган.