Лейлек районундагы "Ак-Суу" чек ара бөлүмүндө кызматын өтөп жатып, автокырсыкта жараат алган 19 жаштагы жоокер Данияр Нурбековдун апасы Бактыгүл Ажиматова уулунун өмүрүн сактап калууну өтүнүп, мамлекет башчыга кайрылды. Ал уулу үч күндөн бери эсине келе албай, комада жатканын белгилеп, анын өмүрүн сактап калууну суранууда:
"Оштон келген врачтар операция жасап коюп эле кетишиптир. Бул жердеги врачтар 72 саат күтөбүз деп жатышат. Мен уулумдун өлүмүн күтөмүнбү?" деп ыйлаган эне президент Садыр Жапаровдон бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун жана кырсык болгон окуянын кылдат иликтенишине кийлигишүүсүн суранды.
Лейлектеги жолдо аскердик унаадан ыргып кетип, эсине келе албай жаткан жоокердин маселеси 7-апрель күнү Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Жылдыз Курманалиева парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында баш прокурордун орун басары Максат Асаналиевден бул ишти жеке көзөмөлүнө алуусун өтүндү.
Лейлек районундагы "Ак-Суу" чек ара бөлүмүндө кызматын өтөп жаткан 19 жаштагы жоокер 4-апрель күнү "Кайрагач" чек ара бекетине баратканда унаадан ыргып кеткенин Чек ара кызматы кабарлаган. Ага ылайык, жоокер УАЗ-Пикап автоунаасы менен тоолуу жолдо бара жатып, катуу силкинген учурда ыргып, жерге түшүп кетип, эс-учун жоготкон.
Саламаттык сактоо министрлиги жоокердин абалы туруктуу оор экенин, Лейлекке нейрохирург дарыгер жиберилгенин билдирген.
Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, былтыркы сегиз айда Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер. Январь-июль айларында 8 аскер кызматкери жаракат алган.(ZKo)