Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:08

Лейлекте унаа кырсыгынан жабыркаган жоокердин абалы туруктуу оор экени айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлек районундагы "Ак-Суу" чек ара бөлүмүндө кызматын өтөп жаткан 19 жаштагы жоокер Н. Д. Н. 4-апрель күнү "Кайрагач" чек ара бекетине баратканда унаадан ыргып кеткен.

Лейлектеги бул кырсыктын чоо-жайын аныктоо жана жабыркаган жоокерди жакшылап дарылоо талабы менен Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева парламент комитетинин жыйынында Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды.

Депутат министрликтен зарылчылык болсо жабыркаган жоокерди санавиация менен Бишкекке которуп, дарылоону өтүндү. Култаеванын маалыматына караганда, ал 2025-жылы күзүндө Ноокен районунан аскерге чакырылган.

Чек ара кызматы бул окуя боюнча 6-апрелде маалымат таратты. Ага ылайык, кырсык 4-апрелде саат 8:30 чамасында болгон. Жоокер УАЗ-Пикап унаасы менен тоолуу жолдо бара жатып, катуу силкинген учурда ыргып, жерге түшүп кетип, эс-учун жоготкон.

"Окуя болгон жерге Тез жардам чакырылган. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ошол эле күнү Ош шаарынан атайын чакырылган дарыгерлер шашылыш операция жасашкан", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Учурда жоокердин абалы туруктуу оор экени кабарланды. Чек ара кызматы аны Бишкекке жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок дарыгерлер абалы турукташкандан кийин гана жылдырууга болорун белгилешкенин маалымдады.

Саламаттык сактоо министрлиги жоокердин абалы менен таанышып, андан аркы аракеттерди көрүү үчүн Лейлекке нейрохирург дарыгер жиберилгени да кабарланды.

Ошондой эле Чек ара кызматынын төрагасынын орун басарынын жетекчилиги алдында чукул топ түзүлүп, окуяга кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жоокердин жакындары маалымат бере элек.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG