Кытайдын A-CAR ("Чуань И") компаниясы Кыргызстанда жаңы автоунааларды сатуучу жана аларды оңдоочу устаканаларды курмакчы.
Буга байланыштуу келишим 8-апрелде Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен аталган компания өкүлдөрү ортосунда түзүлдү.
Тараптардын жолугушуусунда автоунаа тармагындагы кызматташтык, Борбор Азия аймагында компаниянын атайын өкүлчүлүгүн ачуу, Кытайдын жана эл аралык алдыңкы үлгүдөгү автоунааларды сатуучу дилердик тармак ачуу максаты тууралуу сөз болду.
Инвестор мындай автоунааларды расмий каттоо, камсыздандыруу, каржылык коштоону камсыздоодон тышкары, техникалык жактан тейлеп, оңдоп-түздөөчү устаканаларды да курууну көздөп жатканын маалымдады.
Равшанбек Сабиров бул тармакка салынган инвестиция өлкөнүн автоунаа базарын өнүктүрүүгө шарт түзүп, жаңы жумуш орундары менен камсыздай турганын билдирди.
Акыркы жылдары Кыргызстанга Кытайдан ташылган автоунаалар көбөйгөн. Өкмөттүн маалыматында 2025-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда машине ташуу боюнча 130 миң уруксат берилген.
Кыргызстанга Кытайдан ташылган автоунаалардын басымдуу бөлүгү - электромобилдер.(ZKo)