Эдил Байсалов кызматынан кетип жатканын айтты

Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов вице-премьерлик кызматынан кетип жатканын ырастады.

Бул тууралуу ал 9-апрелде Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган симпозиумда сүйлөп жатып билдирди.

Байсалов акыркы 4,5 жылда вице-премьерлик кызматты ээлегенин жана бул кызматта турган акыркы күнү Салижан Жигитовду эскеруү кечесине катышып жатканына кубанычта экенин белгиледи.

Буга чейин Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчилик кызматына дайындалары тууралуу маалыматтар тараган.

Бул маалыматты өкмөттөгү булактар ырастады.

Дагы караңыз

"Өкмөттөн АКШга элчиликке". Байсаловдун вице-премьерлиги эмне менен эсте калды?

48 жаштагы Эдил Байсалов соңку 25 жылдан бери активдүү саясатчылардын бири. Ал саясатка укук коргоочу катары келип, соңку жылдары Кыргызстандын Британиядагы элчиси болгон, 2021-жылдан бери вице-премьерлик кызматты ээлеп келет.

Вице-премьерлик кызматта турганда Байсалов өкмөттүн позициясын активдүү коргоп келди. Анын дарегине парламенттин айрым депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү сын айткан учурлар болду. (ZKo)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Прокуратура кассациялык сунуштама боюнча чечимин аныктай элекЭки айда 4590 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды, бул былтыркыдан 44% көпКытай Кыргызстанга автоунаа оңдоочу устаканаларды куратБалыкчыда жеке нотариус коррупцияга шектелип кармалды