Тажикстандык жарандардын тобу жасалма документтердин айынан Сауд Арабиясынан чыга албай жатышканы кабарланды.
Тажикстандын дин иштери жана салттарды жөнгө салуу комитетинин маалыматына ылайык, алар ажылыкты уюштурууга жардам беребиз деген убадаларга ишенип сапарга чыгышкан, бирок жыйынтыгында алдамчылыктын курмандыгы болушкан. Алар мекемеге жана Тажикстандын Эр-Рияддагы элчилигине кайрылып, мекенине кайтууга көмөк сурашууда.
Мекеме белгилегендей, быйылкы ажылык сезону үчүн документтерди каттоо мөөнөтү буга чейин эле аяктаган. Эми туристтик компаниялар да, ортомчулар да керектүү уруксаттарды мыйзамдуу түрдө бере алышпайт. Тажикстандык зыяратчылардын биринчи тобу 6-майда Сауд Арабиясына жөнөйт деп күтүлүүдө. Бул толугу менен расмий квотанын алкагында ишке ашат.
Тажикистандын дин иштери жана салттарды жөнгө салуу комитети жарандарды милдеттүү ажылык сапарын уюштурууда ортомчулардын убадаларына алданбоого жана расмий эмес жолдорду колдонбоого дагы бир жолу чакырды. Мекеме белгилегендей, аныкталган тартиптен тышкары ажылыкка баруу аракеттери олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Туристтик, жумуш же башка визаларды ажылык максатта колдонууга Сауд Арабиясынын мыйзамдары тыюу салат жана бул айып пулга же депортацияга алып келиши мүмкүн.
«Жыл сайын миңдеген тажик жарандары Мекке жана Медина шаарларына расмий квота аркылуу барышат, жана бул процесс толугу менен комитеттин көзөмөлүндө», — деп белгилешти мекемеде.
Быйыл ажылык сапарынын баасы бир нече ай мурда жарыяланып, 53 миң сомони (488 миң сом)деп белгиленген.