Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагына 6,36 млн доллар бөлөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандагы "Келечек үчүн билим берүү" долбооруна жалпы суммасы 6,36 млн долларлык каражат бөлөт. Буга байланышту Жогорку Кеңеш 9-апрелде Кыргызстан менен аталган ассоциациянын ортосундагы макулдашууну ратификациалоо мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда кабыл алды.

Агартуу министринин орун басары Алберт Махметкуловдун айтымында, Кыргызстанга бөлүнчү каражаттын 4,36 млн доллары насыя, 2 млн доллары грант. Төлөө мөөнөтү 50 жыл, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил, пайыздык чени жок деп белгиленген.

Министрдин орун басары аталган долбоор мектепке чейинки билим берүү системасын ар тараптуу колдоого багытталганын айтты. Анын алкагында балдарды бала бакчага тартуу көбөйөт жана мектепке чейинки билим берүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделин жайылтууга басым жасалат.

Кыргызстанда бала бакчага барган бөбөктөрдүн саны жалпы балдардын 44,3% түзөт. Былтыр бул сан 28% түзгөн.

Кыргызстандын тышкы карызы негизинен жол куруу, энергетика жана бюджеттик таңкыстыкты жабуу сыяктуу тармактарга багытталат, анын олуттуу бөлүгү инфраструктуралык долбоорлорго жумшалат.(КЕ)

Дагы караңыз

Трамп "реалдуу макулдашуу" түзүлгүчө АКШ аскерлери Ирандын айланасында кала берерин айттыТажикстандык зыяратчылар ортомчуларга алданып, Сауд Арабиясынан чыга албай калышты10-апрелдин аба ырайы: Жаан жаайтНарын дарыясына түшүп кеткен эки баланын дайыны табыла элек