Дагестанда жана Чеченстанда чукул кырдаал режими киргизилди

Дагестандагы суу ташкыны. Апрель, 2026-жыл.

Дагестанда жана Чеченстанда суу ташкындан улам федералдык деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) башчысы Александр Куренков Махачкаладагы өкмөттүк комиссиянын жыйынында билдирди.

Суу ташкыны март айынын аягында, апрелдин башындагы нөшөр жаандан улам башталган. Өзгөчө оор абал Дагестанда. Республика 28-мартта жана 4-апрелде эки жолу суу ташкынын башынан өткөрдү, экинчи толкун кыйла кыйратып кетти.

Акыркы маалыматтарга караганда, суу ташкындан алты адам набыт болду, 6200дөн ашык киши жабыркады. Сел жана жээктен ташыган дарыялар жүздөгөн үйлөрдү, жолдорду талкалады, суу булганып, ондогон адамдар электр жарыгысыз калышты. Ушул тапта Дагестанда 1091 үй, 1146 короо жана 70тен ашуун жол суу каптаган бойдон турат.

Орусиянын гидрометео кызматы 11-апрелде Дагестанда суу ташкынынын үчүнчү толкуну күтүлүп жатканын болжолдоодо. Чеченстанда жана Ингушетияда шашылыш эскертүү жарыяланды.

Суу ташкыны каптап жаткан учурда Махачкаладагы Турак жай коммуналдык чарба башкармалыгынын мурдагы башчысы жана башкы адиси камакка алынды. Аларга нөшөр сууну агызуучу системаны оңдоого бөлүнгөн 2022-жылы келишим түзүлгөн 417 млн рублден ашуун акчаны кымырып алген деген айып тагылууда. Тергөөнүн версиясы боюнча аткаминерлер жана ишти аткарган компаниянын башкы директору сүйлөшүп алып, иштин көлөмү жөнүндө жалган маалымат беришкен — төлөнгөн, бирок иш жүзүндө аткарылбаган иштин көлөмү болжол менен 40 миллион рублди түзгөн. Киров райондук соту аларды эки айга тергөө камагына алуу чечимин чыгарган.

Дагы караңыз

Азия чемпионаты: Жуманазарова алтын, Медет кызы күмүш байге алды"Пикири үчүн соттолушкан". Эксперттик корутундулар мыйзамдуу болгонбу?Алайда ок жеген жоокердин абалы оорИзраил Ливанга 10 мүнөттө 100 жолу сокку урду"Беш жылда козголгон иштерди комиссия иликтеши керек"Ташкентте балдарды сабаган жашыруун диний мектеп аныкталды