Алтынчы кабаттан кулап, оор абалда жаткан кыз эсине келди

Министр Дамир Осмонов төрт жашар кыздын абалы менен таанышты. 5-апрель, 2026-жыл.

Бишкектин Жал кичи районунда алтынчы кабаттан кулап, ооруканада комада жаткан төрт жашар кыз эсине келди. Бул тууралуу 10-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын абалы туруктуу, адистердин көзөмөлүндө дарылоо уланып жатат.

4-апрелде кечке жуук Бишкектин Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн 27 жаштагы келин жана эки баласы кулаган. Өзү жана 2025-жылы төрөлгөн ымыркайы ошол жерде жан берген, төрт жашар кызы ооруканага жеткирилген.

Балдардын клиникалык ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жаткан кыздын мээси жабыркаганын, жаагы сынганын, оң ийини сынып, ордунан жылып кеткенин дарыгерлер билдиришкен. Мындан тышкары өпкөсү жана ички органдары, ооз көңдөйү жабыркаганы айтылган.

Милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде козгоп, маркум келиндин күйөөсүн камакка алган.

Келиндин жакындары ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып келгенин айтышкан, ал эми жолдошунун жакындары андайды байкабаганын билдиришкен. (ZKo)

Дагы караңыз

Путин Украина менен "пасхалык тынчтык" жарыялады, Киев "жооп кадамга" даярдыгын билдирдиДагестанда жана Чеченстанда чукул кырдаал режими киргизилдиЭдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү агенттигине жетекчи болдуАзия чемпионаты: Жуманазарова алтын, Медет кызы күмүш байге алды"Пикири үчүн соттолушкан". Эксперттик корутундулар мыйзамдуу болгонбу?