«Манас» университетинин аймагынан өтчү жолго каршы петиция жарыяланды

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин кампусу. Бишкек.

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү аталган окуу жайдын Жалдагы кампусунун аянтынан кесип өтчү жолду куруу демилгесине каршы чыгышууда. Мындай мазмундагы петиция социалдык тармактарга жарыяланды. Анда кампустун аймагын кесип өтчү жолду куруу студенттердин коопсуздугуна коркунуч келтирип, аталган чөлкөмдөгү жашыл аянттын кыскарышына алып келери айтылат. Буга байланыштуу шаар бийлигинен жолду ушул аймактан алып өтүү демилгесинен баш тартып, альтернативалуу сунуштарды кароого чакырышкан.

Онлайн петицияны ушу тапта 2500дан ашык адам колдогон.

Буга чейин шаар бийлиги “Манас” университетинин аймагынан Миңжылкыев көчөсүнүн уландысын курууну планын жарыялаган. Мындай чара шаардагы жол тыгынын азайтуу максатын көздөрү айтылган.

Дагы караңыз

НАСАнын "Артемида-2" миссиясынын астронавттары Жерге кайттыАКШ менен Ирандын делегациялары сүйлөшүү үчүн Исламабадга барыштыОшто журналист Узаков президент катышкан жыйындан күчтөп чыгарылганын билдирди