АКШ жана Иран делегациялары Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Пакистандын борбору Исламабадга барышты.
Америкалык делегацияны вице-президент Жей Ди Вэнс жетектеп, курамына президент Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер кирди. Алар Исламабадга 11-апрелде барышты.
Ирандын парламент спикери Мохаммад Багер Галибаф жетектеген делегациясы Пакистандын борборуна 10-апрелде кечинде барган. Делегациянын курамына өлкөнүн тышкы иштер министри Аббас Аракчи, Коргоо кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан жана Борбордук банктын башчысы Абдолнасер Хеммати кирди.
Ирандык Tasnim агенттигинин кабарлашынча, Тегеран менен Вашингтондун сүйлөшүүсү күндүн экинчи жарымына пландалууда.
“Азырынча сүйлөшүү бир күндүк деп пландалууда”, - деп жазды агенттик.
Мурдараак Галибаф АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү башталганга чейин Ливанды аткылоону токтотууну жана Ирандын бөгөттөлгөн активдерин бошотууну талап кылган.
Мындай билдирүүлөрдөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth соцтармагына “ирандыктар дүйнө коомчулугун эл аралык суу жолу менен кыска мөөнөттүү шантаж кылуудан башка колунда эч нерсеси жок экенин сезбей жатат окшойт” деп жазган.
Reuters агенттиги өзүнүн ирандык булактарына таянып АКШ Ирандын Катардагы жана башка чет өлкөлөрдөгү банктардагы активдерин бошотууга макул болгонун жазды. Сөз 2018-жылы Иранга каршы санкция салынганда тоңдурулган 6 млрд доллар тууралуу болушу мүмкүн.
АКШ менен Израил Ливан атышууну токтотуу тууралуу келишимге кирбей турганын билдирүүдө. Тегеран Ливанды аткылоону токтотуу келишимдин шарттарынын бири экенин айтууда.
Axios басылмасы Ливан менен Израилдин түз сүйлөшүүсү кийинки аптада Вашингтондо болорун жазды. Анда атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо талкууланат.
7-апрелдин кечинде Тегеран менен Вашингтон атышууну эки аптага токтото турууну Пакистандын ортомчулугу менен макулдашкан. Трамп Ирандан 10 баскычтан турган тынчтык сунушун алганын билдирген. Израилдин Ливандагы "Хезболла" тобуна каршы соккулары боюнча маселе ошол макулдашууга киргенби же жокпу, талаш жаратууда. "Хезболла" - Иран колдогон түзүм жана Вашингтон аны террордук уюм катары тааныйт.
Шерине