Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:14

Ошто журналист Узаков президент катышкан жыйындан күчтөп чыгарылганын билдирди

Журналист Хамидулло Узаков.
Журналист Хамидулло Узаков.

Журналист Хамидулло Узаков Ош облусунун Араван районунда президент Садыр Жапаров катышкан жыйындан күчтөп чыгарылганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Узаков бул маалыматты «Азаттыкка» дагы ырастап, залдан чыгарылган себебин түшүндүрүшпөгөнүн билдирди.

«Президент менен жолугушуу болчу залда эл менен чогуу бир сааттай күтүп отурдум. Мамлекет башчысынын келишине аз калганда жарандык кийимчен, кулагына наушник тагынган киши келип: "Сүйлөшсөк болобу?" деди. "Угуп жатам, байке, ушул жерден эле сүйлөшөлү, ордумду бирөө ээлеп албасын" дегениме карабай, куруман кармап, сыртка сүйрөп салды. Эшикке чыкканда "10-бөлүмдөнбүз" дегендер кошулуп, баары жабылып сүйрөй башташты. Телефонумду алып, болуп жатканды тартып алайын десем, телефонду да жулуп алганга аракет кылышты», - деп жазды ал.

Узаковдун айтымында, алгач «алдын ала түзүлгөн тизме» жок экени айтылып, президент катышкан жыйынга катышууга уруксат берилген. Коопсуздук үчүн телефону менен сумкасын калтырып киргенин билдирди.

Милиция азырынча Узаковдун айткандары боюнча комментарий бере элек.

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош облусуна иш сапарын баштады. 11-апрелде Араван районунун тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы Ош облусу боюнча инфратүзүм, суу менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо, экологияны коргоо, транспорт жана аймактарды өнүктүрүү секторлорунда 52 млрд сомдук 20 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди.

10-апрелде Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолуккан. Жолугушууга айрым журналисттер киргизилген эмес.

Мамлекет башчы Ош облусунда 15-апрелге чейин болуп, башка райондорго дагы бара турганы айтылган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG