Президент Садыр Жапаров 10-апрелден берки Ош облусун кыдырып жүргөн сапарында эл менен жолугушууларды уюштуруп, алардын суроо-дооматтарын угуп жатканын белгиледи. Ал журналист Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жатып, жолугушууларда айтылып жаткан кемчиликтер жоюларын белгиледи.
Мамлекет башчы ошондой эле өзү менен жолугушууга атайын даярдалган адамдарды тандап киргизбөө тапшырмасын кайталады:
"Кемчилик да бар, бирок ийгилигибиз көп да. Ошондуктан, мен элден коркпойм, кандай суроо болсо да жооп берем. Ката кетирип жаткандар да көп экен, аны мен кечээтен бери байкап атам. Тууганына тарткан, жакынына тарткан же бюрократия кылып кабыл албай жаткан бийликтегилер, күчүнө карап чечип берип койгон соттор... Андайлар бар экен, жок эмес, бар экен. Аны да моюнга алабыз. Ошонун баарын элдин оозунан угуп, чогултуп баргандан кийин, Бишкектен чогултабызбы, облус борборунан чогултабызбы, кемчиликтин баарын толуктайбыз", - деди президент.
Мамлекет башчы 10-апрелде Ош облусуна барган. Беш күндүк сапары учурунда облустагы райондорду кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөрү кабарланган. 10-11-апрель күндөрү президент менен жолугушууларга киргизилбей сыртта калган адамдар болгону, Ош шаарында андай адамдарды өзү тапшырма берип, сүйлөшүүгө киргизгени айтылган. Жолугушууга айрым журналисттер киргизилген эмес.
11-апрелде Аравандагы жолугушуусунда күч кызматкерлери жергиликтүү журналист Хамидулло Узаковду күчтөп залдан чыгарып салышканын журналист өзү маалымдаган. (ZKo)