Президент Оштун мурдагы мэринин ишине укуктук баа берилерин айтты

Президент Садыр Жапаров жана экс-мэр Жеңишбек Токторбаев. Архив.

Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин ишине укуктук баа берилерин, бирок ошол эле учурда анын эмгектери да эске алынарын билдирди. Мамлекет башчы Оштогу сапары учурунда журналист Ыдырыс Исаковдун суроосуна жооп берип жатып, мурдагы мэрдин тушунда оозеки келишим менен курулган курулуштар, кызыл чектен чыкпаса да сүрдүрүлгөн үйлөр болгонун айтты:

"Ишине баарыбыз эле ишенип атканбыз да. Токторбаевдин ишине укуктук баа берилет бирок, анын эмгектерин да эске алышыбыз керек. Учурда бардык тараптан текшерүү, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле мүлктөрү мамлекетке адилетсиз алынган ишкерлердин иши да каралып жатканын маалымлады. Анын сөзүнө караганда, эгер мүлктөр учурунда мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталса, алар кайтарылбайт.

"А бирок "мамлекетке өтөт" деп алып туруп, өздөрүнө менчиктеп алган мүлктөр да чыгып жатат, андай мүлктөр ээсине кайтарылат", - деди Жапаров.

Президент мыйзамсыз кустуруулар боюнча Аскер прокуратурасы иштеп жатканын, УКМК ушул тапта да тазаланып жатканын, коррупцияга аралашкан бардык тараптарга катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

10-апрелде Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолуккан. Жолугушууга айрым журналисттер киргизилген эмес.

Мамлекет башчы Ош облусунда 15-апрелге чейин болуп, башка райондорго дагы бара турганы айтылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Исламабаддагы "бетме-бет сүйлөшүү". АКШ менен Иран мунаса тапкан жок "10 млн долларлык чай ичтиң..." Абдыкеримов Ташиевге кайрадан доомат артты«Манас» университетинин аймагынан өтчү жолго каршы петиция жарыяландыОшто журналист Узаков президент катышкан жыйындан күчтөп чыгарылганын билдирдиТокойду куураткан курттар