"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы 2026–2027-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жылуулук түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Ага байланыштуу борбор калаадагы бир нече көчөлөрдүн тилкелери 15-апрелден тартып убактылуу жабылат.
Ишкананын маалымат кызматы кабарлагандай, 15-апрелден тартып Шабдан баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы - Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.
Маалыматка ылайык, реконструкциялоо учурунда түтүктөр алмаштырылып, айрымдарынын диаметрлери чоңойтулат. Бул жылуулук тармактары 1988-89-жылдары ишке берилген, түтүктөрдүн нормативдик мөөнөтү 25 жыл болсо да, 40 жылга чукул убактан бери колдонулуп келе жатканы, жаңыртууну талап кылары кабарланды.
Көчөлөрдүн алдындагы реконструкция иштери Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти менен макулдашылган комплекстүү иш-чаралардын алкагында жүргүзүлөт.
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы шаар тургундарын оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүүдө.
Бишкекте борборлоштурулган жылуулук берүү 25-мартта, ысык суу берүү 1-апрелден 10-майга чейинки аралыкка токтотулган.
Борбор калаада ысык суу 2024-жылдан бери 40 күнгө өчүрүлүп келе жатат. (ZKo)