Орусияда кытайлык жумушчулар нааразылык акциясына чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Жекшемби күнү эртең менен Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында жүзгө чукул кытайлык жумушчулар акцияга чыгышты. Алар шаардын көчөлөрү менен Орусия президенти Владимир Путинден жана "Роснефть" компаниясынын башчысы Игорь Сечинден жардам сурап, кытайча жана орусча жазылган плакаттарды көтөрүп өтүштү.

Марштан соң алар Первостроители проспектисиндеги газондорго жана жол жээгинде отурушту.

Алар "Роснефть" ишканасынын мунай заводу менен катар жайгашкан "Петро-Хэхуа" компаниясынын куруучулары экени айтылды.

Шаар башчысы Дмитрий Заплутаев кытайлык жумушчулардын максаты айлык акы төлөнбөй жатканына көңүл бурдуруу экенин билдирди. Кийинчерээк прокурорлор текшерүү баштаганы кабарланды.

Марштын катышуучулары кармалган жок. Аларды кармоо үчүн келген автобустар бош кайтып кетишти.

Комсомольск-на-Амуре шаарында кытайлык жумушчулар айлык акы төлөнбөгөнү үчүн 2021-жылы да нааразылык акциясына чыгышкан.

Дагы караңыз

Өзбекстанда балдар бакчасынын тарбиячысы камакка алынды"Кара, кызыл, сары" тасмасынын авторлору эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдүБишкекте жылуулук түтүктөрүн оңдоо үчүн айрым көчөлөр убактылуу жабылатОрусия менен Украина бири-бирин "Пасхада тынчтыкты бузду" деп айыпташтыПрезидент Жапаров Оштогу жолугушууларда кемчиликтерди байкаганын билдирди