Австралиянын тарыхында биринчи жолу армияны аял жетектейт

Генерал-лейтенант Сьюзен Койл.

Австралия бийлиги 13-апрелде коргоо күчтөрүнүн жетекчилигинде өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирип, тарыхта биринчи жолу армиянын башына аял дайындала турганын жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, генерал-лейтенант Сьюзен Койл июль айында армиянын башчысы болуп дайындалат. Ал генерал-лейтенант Саймон Стюарттын ордуна келет.

Бул дайындоо Австралия армиясында аял офицерлердин санын көбөйтүү аракеттери жүрүп жаткан учурга туш келди. Азыр армия сексуалдык зомбулук жана дискриминация боюнча айыптоолорго кабылды.

«Июль айынан тартып, 125 жылдык тарыхында Австралия армиясы биринчи жолу аял жетекчиге ээ болот», — деди премьер-министр Энтони Албаниз.

Коргоо министри Ричард Марлз бул чечимди «тарыхый учур» деп атады.

55 жаштагы Койл армияга 1987-жылы кошулуп, бир катар жогорку командалык кызматтарды аркалаган. Ал Австралиянын Куралдуу күчтөрүнүн кайсы бир тармагын жетектеген биринчи аял болот.

Учурда аялдар Австралиянын Коргоо күчтөрү курамындагы жалпы кызматкерлердин болжол менен 21%, ал эми жогорку жетекчилик кызматтардын 18,5 пайызын түзөт.

2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 25% жеткирүү максаты коюлган.

Өткөн жылдын октябрь айында миңдеген аял Австралиянын Коргоо күчтөрүнүн кызматкерлерин сексуалдык зомбулуктан, кысымдан жана дискриминациядан коргогон эмес деп айыптап чыгышкан.

Дагы караңыз

Орусияда азери диаспорасынын башчысы 24 жылга кесилдиАКШ Иран мунайын сатып алгандар "жоопко тартыларын" эскерттиБир жарым күндүк тыныгуудан кийин Орусия кайрадан Украинанын аймагын аткылады