Тегеран Ормуз курчоого алынса, Перс булуңундагы порттор коркунучка кабыларын билдирди

Ормуз кысыгында бараткан танкер. Архивдеги сүрөт.

13-апрелде Ирандын куралдуу күчтөрүнүн негизги операциялык штабы АКШ Иран портторун блокадага алса, «Перс булуңунда жана Оман булуңунда бир да порт коопсуз болбойт» деп билдирди.

Иран тарап АКШнын эл аралык аймактагы кеме кыймылына«чектөө киргизүүсүн» мыйзамсыз аракет жана «деңиз каракчылыгынын мисалы» деп атады.

Дем алыш күндөрү Пакистанда өткөн сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктагандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп 13-апрелде чыгыш убактысы боюнча саат 10:00дөн (Иран убактысы 17:30) тартып Иран портторуна кирген жана чыккан кемелерди бөгөттөө башталарын билдирген.

Иран аскердик штабынын өкүлү "Перс булуңу менен Оман булуңундагы порттордун коопсуздугу же баарына тиешелүү болот, же эч кимге буйрубайт" деп кошумчалады.

Ал ошондой эле «душманга тиешелүү кемелерге» Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө тыюу салынарын, ал эми башка кемелер Иран Ислам Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн эрежелерине ылайык өтө аларын билдирди.

Кагылыш башталгандан бери Иран Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамын катуу чектеген. Бул кадам мунай баасынын кескин өсүшүнө түрткү берди.

Ошондой эле Тегеран бул стратегиялык өткөөл аркылуу өтүүнү каалаган кемелерден төлөм алынарын жарыялаган. Буга Трамп каршылыгын билдирип, Ормуз кысыгын жарым-жартылай блокадага алуу чечимин жарыялаган.

Дагы караңыз

Иран АКШ менен сүйлөшүүгө катышарын ырастадыТрамп Рим папасы Леонду сынга алдыИсламабад: АКШ менен Иран макулдашууга келе албады