УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев үй камагына алынды

Даниэл Рысалиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиев 11-июнга чейин үй камагына алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде чыгарганын “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү берген жана Даниэл Рысалиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылганы белгилүү болду.

Ушул эле иш боюнча УКМКнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын 6-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Урмат Нарбаевге да жемкорлук боюнча кине коюлуп, ал да 11-июнга чейин үй камагына чыкты.

Даниэл Рысалиев кармалганы 13-апрелде белгилүү болгон. Кылмыш иши тууралуу ИИМ маалымат бере элек. Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин атайын кызматтын жетекчисинин бардык орун басарлары, анын ичинде Даниэл Рысалиев да жумуштан алынган. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстанда Кытайга каршы нааразылыкка катышкан 19 адамга сот өкүмү чыктыОрусияда азери диаспорасынын башчысы 24 жылга кесилдиТегеран Ормуз курчоого алынса, Перс булуңундагы порттор коркунучка кабыларын билдирдиМурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев каза болду Касымалиев АКШда Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушатАйдарбеков депутаттык мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жазды