Эл аралык уюмдар Токаевди журналисттердин кармалышына чара көрүүгө чакырды

Полициянын кызматкери журналситтердин документтерин текшерүүдө. Алматы. Иллюстрация, архив.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) жана алты эл аралык уюм Казакстандын президентин журналисттердин камакка алынышына байланыштуу чара көрүүгө чакырды.

13-апрелде Касым-Жомарт Токаевге жолдонгон кайрылууда журналисттерди кармоо толкуну жана маалымат каражаттарына кысымдын күчөшү тынчсыздануу жаратканы айтылат.

Каттын авторлору президентти кесибине байланыштуу кармалган журналисттердин бардыгын бошотууну камсыздоого жана «жалган маалымат» тууралуу беренени Кылмыш-жаза кодексинен алууга чакырышты. Укук коргоочу уюмдар беренедеги туюндурма өтө кеңири экенин жана аны кыянат пайдаланууга жол ачарын сындап келишкен.

Алардын маалыматына караганда, былтыркы декабрдан бери соттун чечими менен төрт белгилүү журналист үй камагына алынды, үчөөнө «жалган маалымат» таратуу кинеси тагылды.

CPJ жана өнөктөштөрү Orda.kz порталынын негиздөөчүсү жана редактору Гүлнара Бажкенованын, KazTAG агенттигинин директору Асет Матаевдин жана ошол эле агенттиктин башкы редактору Амир Касеновдун, журналист Ботагөз Омарованын иштери өзгөчө камтама кыларын белгилешти.

Мындан тышкары эркин журналист Лукпан Ахмедъяровдун кармалышына жана суракка тартылышына көңүл бурулат.

Кайрылууда медиага кибер чабуул жасоо, социалдык тармактардагы баракчаларды бөгөттөө, маалымат каражаттарынын аккредитациясы тууралуу жаңы эрежелерди колдонуу кысым көрсөтүүнүн куралына айланганы айтылат. Асыресе, “Азаттыктын” казак редакциясынын ондогон журналистине аккредитация берүүдөн баш тартышканы мисал катары келтирилет.

Кайрылууга CPJ, Норвегиянын Хелсинки комитети, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк, Жарандык укуктарды коргоо уюму, Эл аралык басма сөз институту жана Freedom For Eurasia кол койгон.

Дагы караңыз

Беш жылда 1,5 миң чакырымга чейин жол курулуп, оңдолдуТүркиядагы лицейде ок атылып, кеминде 16 киши жарадар болдуБоршайком Улан Сариевге депутаттык мандат берди