Украин президенти Владимир Зеленскийдин Берлин сапары учурунда жана өкмөттөр аралык кеңешмелердин жыйынтыгында шейшемби күнү Германия жана Украина стратегиялык кызматташтык жана коргонуу багыттары камтылган бир канча тармак боюнча келишим түзүштү.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүн баса белгиледи. Мерцтин айтымында, Deutsche Welle жазгандай, Украинага мындан ары да комплекстүү колдоо чаралары, анын ичинде абадан коргонуу, алыскы аралыкка атуучу курал, дрон жана артиллериялык ок-дары жаатында жардам көрсөтүү макулдашылды.
Украиналык делегациянын курамындагы коргоо министри Михаил Федоров Германия менен макулдашууну абадан коргонууну күчөтүү, алыска атуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана биргелешип дрон жасоону камтыган "4 млрд евролук жаңы ири кызматташуу" деп сыпаттады.
Федоров белгилегендей, Германия бир нече жүздөгөн Patriot ракетасын каржылайт. Киев муну украин шаарларын жана маанилүү инфратүзүмдү коргоо мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт деп эсептейт. Ошондой эле көп катмарлуу абадан коргонуу системасын чыңдоо үчүн 36 IRIS-T ракета учуруучу түзүлүшүн жеткирүү пландаштырылууда.
Build with Ukraine демилгесинин алкагында орто аралыктагы дрондорду жасалма инттеллекттин жардамы менен өндүрүү да каралган. Биринчи баскычта Аскер-деңиз күчтөрү үчүн 5 миң дрон каралганын Михаил Федоров өзүнүн Телеграм каналына жазды.
Шейшембиде ошондой эле RTX куралын өндүргөн ири Raytheon компаниясынын бир бөлүгү Украинага 3,7 млрд долларга Patriot ракетасын жеткирүү боюнча келишимге кол койгону кабарланды.
Владимир Зеленский немис канцлери Фридрих Мерц менен чогуу өткөрүлгөн маалымат жыйынында Украина куралынын жарымынан көбүн өз алдынча даярдап жатканын, тиешелүү каржылоо болсо өндүрүштү эки эсе көбөйтө аларын айтты. Зеленский буга Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан бөгөттөгөн Евробиримдиктин 90 млрд евролук насыясын мисал кылды.
Мерц Венгриядагы бийлик алмашуу европалык жардамдын тез берилишине алып келерине үмүттөнөрүн билдирди. Ал ошондой эле Орусиянын "көмүскө флотуна" каршы кийинки кадамдар тууралуу да жарыялады.