Айдарбековго айып тагылды, экс-министр кинени четке какты

Чыңгыз Айдарбеков

14-апрелде Ички иштер министрлиги Чыңгыз Айдарбеков суралып жаткан кылмыш иши боюнча маалымат таратып, ал “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга” шектелип жатканын, айыбы өзүнө угузулганын билдирди. Экс-министр кызматта турганда эч кандай мыйзам бузууга барбаганын айтууда.

Тагылып жаткан айыптар кайсылар?

Кыргызстанда мурдагы тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты жана парламенттин азыркы VIII чакырылышына талапкер Чыңгыз Айдарбековдун айланасында окуялар өнүгүп, 14-апрелде ага кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу тууралуу айыбы угузулганы расмий маалымдалды.

Бир күн мурда Айдарбеков Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылып, утуп чыккан округунан мыйзамга ылайык мандатын берүүнү талап кылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзгөнүн, кыянаттык фактылары аныкталганын мекеменин басма сөз кызматы 14-апрелде билдирди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айдарбековго тагылган айыптын чоо-жайы

Маалыматта айтылгандай, Айдарбеков тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде айрым кызмат адамдары менен «алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу» бир катар мыйзам бузууларга жол берген:

«Тактап айтканда, каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары орун алган».

Дагы караңыз

Айдарбековго тышкы иштер министри кезиндеги иши боюнча айыбы угузулду

ИИМдин Тергөө кызматы бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүнүн («кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш ишин козгогону, Айдарбековго айыбы угузулуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалып алынганы айтылды.

«Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоого, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - деп билдирди мекеме.

ИИМ 15-апрелде жаңы фактылар деп кошумча маалымат таратты.

Анда Айдарбеков турак жай-кооперативдердин биринде мүчө болбосо да "документ жасалмалап өзүн негиздөөчү катары каттатып алганы", аталган бирикмеге таандык "батирди жана башка кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алганы, натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилгени" аныкталганы жазылган.

Дагы бир эпизод Айдарбековдун Түркмөнстанда дипломатиялык кызматта иштеген кезине байланыштуу экени айтылды. Анда, ИИМдин маалыматына караганда, ал Чыңгыз Эгембердиев деген ат менен жүрчү жана аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен "контрабандалык иштерге (ичимдик, тамеки боюнча) жана визаларды мыйзамсыз тариздөөгө тиешеси бар экени тууралуу вербалдык нота келип түшкөн".

ИИМ билдиргендей, фамилиясын Айдарбеков деп ал Ашхабаддын ошол вербалдык нотасынан кийин өзгөрткөн.

Айдарбеков ИИМдин соңку билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.

14-апрелдин кечинде саясатчынын үйүндө ИИМдин кызматкерлери эки сааттай тинтүү жүргүзүшкөн.

"Таза иштедим. Паракорлукка же аткезчиликке барган эмесмин"

«Азаттык» ошол жерге барганда ал кабарчыбызга милиция кызматкерлери айрым кагаздарды алып кетишкенин, экспертизадан кийин кайра кайтарып берерин айтышканын билдирди:

«Болгон суроолорго жооп бердим. Кызматкерлер мыйзам чегинде, сый-урмат менен мамиле кылышты, эч кандай нааразылык жок. Суроолор болсо мен эч качан качпайм, жалпыга маалымдоо каражаттарына да, укук тартибин коргоо органдарына да жооп бергенге даярмын, качпайм. Келишти, баарын ачык көрсөттүм».

Айдарбеков тышкы иштер министри болуп турган кези боюнча гана суроолор жаралып жатканын, башка маселе жок экенин кошумчалады:

«Көп айта албайм, баары мыйзамдуу жана адилет болот деп терең ишенем. Министр болуп тургандагым боюнча кээ бир маселелер пайда болду. Андан башка, мисалы, элчилик боюнча тастыкталган жок. Шек саноолор тергөөдө тастыкталбайт деп ойлойм. Өмүр бою мен элиме жана мамлекетиме кызмат кылып келе жатам. Таза иштедим. Паракорлукка же аткезчиликке барган эмесмин. Муну мен 100% айта алам».

Быйыл 23-мартта Ютубдагы ээси ким экени белгисиз канал “Чыңгыз Айдарбековдун чуулгандуу кылмыштары. Эл чындыкты билиши керек!” деген тема менен 5 мүнөттөн ашык видео жарыялаган. Анда “Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде иштеп жүргөндө түркмөн жарандарына Кыргызстандын визасын сатып, аткезчилик менен алектенгени”, ушундан улам түркмөн бийлиги аны “персона нон грата” деп жарыялаганы айтылган.

Айдарбеков бул маалыматты төгүндөп, “персона нон грата” деп жарыяланган адам ал өлкөгө кире албай каларын, соңку 10 жылда Түркмөнстанга бир нече жолу барганын билдирген. Ал эми Бишкектеги мүлк чыры боюнча Жогорку соттун чечими бар экенин, каражат төлөнгөнү тууралуу бардык дүмүрчөктөрү колунда турганын кошумчалаган.

31-мартта Айдарбеков ИИМде сурак бергенин жергиликтүү медиа жазып, анын сурактан чыгып келаткан кыска видеосу жарыяланган. Экс-депутат кайсы иш боюнча жана кандай макамда суралганы айтылган эмес.

Дагы караңыз

БШК №21 округ боюнча Айдарбековго мандат тапшырылбай жаткан себебин айтты

Күттүргөн мандат маселеси

Быйыл февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин өлкөдө саясий кырдаал кескин өзгөрдү. Мунун эпкини менен Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон тогуз депутат мандатын тапшырды.

Сөз болгон тогуз округдун сегизи боюнча жаңы депутаттарга мандат берилип, бир гана Айдарбековдун жагдайы орто жолдо турат.

Ал №21 шайлоо округу боюнча мандатын тапшырган Куванычбек Конгантиевдин ордуна келмек. Конгантиевдин мандаты 10-мартта өз арызынын негизинде алынып, кийин өзү УКМКнын тергөө абагына камалган.

13-апрелде Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз тапшырган. Ал Куванычбек Конгантиев мандатынан ажыратылгандан бери бир ай өткөнүн, бирок Боршайком мандат боюнча бир да жолу расмий жооп бербегенин белгилеген.

Боршайком маселени кароону кечиктирип жатат деген негизде Айдарбеков президентке да кайрылуу жолдогон.

БШК мандат берүүнүн кечеңдешине ИИМден тиешелүү маалымат келбей жатканын жүйө келтирүүдө.

Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул тууралуу "Азаттыкка" төмөнкүлөрдү билдирди:

"Эгер аларды албасак, көрүп жатпайсыздарбы, кээ бир учурда депутаттардын соттуулугу, диплому же билими жөнүндө маселе чыгып, депутаттардын ишмердигин мөөнөтүнөн мурда токтотконго да туура келип жатат. Ошондой болбосун үчүн тактап кабыл алганыбыз туура болот. Азыр, мен билгенден, айрым органдардан маалымкат толук келе элек".

Негиздүү териштирүүбү же мандат бербөө айласыбы?

Айдарбеков өзүнө козголгон кылмыш ишинде жана айыптоодо саясий себеп бар же жогу тууралуу айтуудан карманганы менен талдоочулар ушул жагдайга көңүл бурууда.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова "саясий буйрутма менен болуп жаткан иштей туюлууда" деген оюн ортого салды:

Клара Сооронкулова

"Болбосо, көп жыл мурун болгон аракеттерге эмнеге ушул күнгө чейин баа берилген эмес деген маселе турат. Анын министр болгонуна канча жыл болуп кетти. Соодалашуу болуп жаткандай... Өзү тырышчаак жигит эмеспи, позициясына бекем туруп жатат деп ойлойм. Болду, мандаттан баш тартам деп арыз жазып койсо... Андан кийин турган талапкерлерди талдап көрүш керек - буга ким кызыкдар болуп жатат?”

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев бул жерде Айдарбековго мандат бербөө аракети жүрүп жаткан болушу ыктымал деген пикирде:

Эмилбек Жороев

"Чыңгыз Айдарбековдун сөздөрүнө, мамилесине караганда ал бийликке карата лоялдуулугун жана оппозиция эместигин байкоого болот. Ал өз алдынча жүргөн, жеке адам. Буга чейин “Альянс” партиясынын тизмеси менен депутат болгону болбосо, артында өз партиясы жок, мобилизация боло калчу же бекем тура турган эли жок. Ал – дипломат жана буга чейинки карьерасы да саясаттан оолак болуп келген. Негизи эле дипломаттар саясатка анчейин жакын боло алышпайт. Кылмыш иши ага тие турган мандат бошогондон эки аптадан кийин козголуп жатат. Бул жерде эмне болсо да бул кишиге мандат бербеш керек деген жүйө бардай".

49 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков соңку алты-жети жылдан бери саясатка аралашып жүрөт. 1998–2008-жылдары Тышкы иштер министрлигинде атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болуп эмгектенген.

2016-жылы Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болгон. 2018-жылы тышкы иштер министри болуп дайындалса, 2021-жылдагы шайлоодо “Альянс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Ал чакырылышта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына шайланып, бирок кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу бийликтин чечимине каршы чыккан.

Мындан соң комитет төрагалыгынан кетип, “толук жана ыйгарым укуктуу элчи” деген дипломатиялык наамынан да ажыратылган.