АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен эки жумага түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишимин узартуу планы жок экенин билдирди.
«Ал ар кандай аякташы мүмкүн, бирок менимче келишим жакшыраак, анткени анда алар кайра калыбына келе алышат», — деди Трамп 14-апрелдин кечинде ABC News каналынын кабарчысы Жонатан Карлдын суроолоруна жооп берип жатып.
Эки тарап Пакистандын ортомчулугу менен 7-апрелде согушту убактылуу токтотуу боюнча келишимге келип, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Америка менен Ирандын делегацияларынын кыркы жылдан берки биринчи сүйлөшүүлөрү өткөн дем алыш күндөрү Исламабадда өткөн.
11–12-апрелдеги жолугушуудан натыйжа чыккан жок.14-апрелде Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы жакынкы бир-эки күндө кайра жанданышы мүмкүн экенин да билдирген.
Ага чейин бир катар маалымат каражаттары Пакистан ушул аптанын аягында сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын уюштурууга аракет кылып жатканын жазышкан.
Бул маалыматтар АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс берген маектен кийин чыккан. Ал Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдө «чоң жылыш» болгонун айтып, кийинки жолугушуулар өтүшү мүмкүн экенин белгилеген.
Согуш 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга аба соккуларынан кийин башталган.