Вашингтондо 14-апрелде Израил менен Ливандын дипломаттарынын сүйлөшүүлөрү өттү. Бул эки өлкөнүн ортосунда акыркы 30 жылдан ашык убакыттан бери өткөн алгачкы жолугушуу болду. АКШ ортомчу катары чыкты.
Талкуулар АКШнын Мамлекеттик департаментинде уюштурулуп, ага Американын мамкатчысы Марко Рубио катышты. Жабык сүйлөшүүлөрдүн алдында ачык сессия өтүп, анда АКШ, Ливан жана Израилдин жогорку даражалуу өкүлдөрү, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы эки башка өлкөнүн элчилери жана Мамлекеттик департаменттин кызматкерлери катышты.
Израилдин элчиси Йехиэл Лейтер «мыкты пикир алмашуу болду» деп билдирди. Анын айтымында, эки өлкө тең Иран колдогон "Хезболлага" каршы турууда «бир позицияны карманат».
"Биз экөөбүз тең Ливанды Иран көзөмөлдөгөн, “Хезболла” деп аталган баскынчы күчтөн бошотууга умтулабыз", — деди Лейтер. Ливан тараптан бул боюнча азырынча комментарий бериле элек.
"Хезболла" - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ "Хезболланы" террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.
Шейшемби күнкү жолугушуунун алдында Рубио бул сүйлөшүүлөрдү «тарыхый мүмкүнчүлүк» деп атады, бирок терең тамыр алган көйгөйлөрдү тез арада чечүү мүмкүн эмес экенин белгиледи.
АКШнын мамкатчысы ошондой эле талкуулар учурдагы маселелерди гана эмес, узак мөөнөттүү туруксуздукту жоюуга да багытталганын белгиледи.
Жолугушуунун алдында ливандык расмий өкүлдөр Ливандын АКШдагы элчиси Нада-Хамадде Муавадд Вашингтондо негизинен ок атышууну токтотуу маселесин гана талкуулоого укуктуу экенин билдиришкен. Ал эми Израил өкмөтүнүн басма сөз кызматы бул маселе көтөрүлбөй турганын белгилеген.
Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар Иерусалимде журналисттерге берген маегинде сүйлөшүүлөр «Хезболланы» куралсыздандырууга багытталарын айтты. Анын сөзүнө караганда, бул Израил менен Ливан тынчтык келишимине кол коюп, мамилелерин нормалдаштыруудан мурда ишке ашышы керек.
Шерине