Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова парламенттин 15-апрелдеги отурумунда Кыргызстандагы мектеп-интернаттарда тарбиячы болуп иштеген жарандардын айлык акысын көтөрүү маселесин кароону Министрлер кабинетинен суранды.
Депутат тарбиячылар алты күн иштешерин белгилеп, майрам күндөрү үчүн кошумча акы алышпасын белгиледи.
"Класс жетекчилик үчүн да акы алышпайт. Таңкы саат 6:00дан баштап кечке чейин балдардын толук турмушуна чоң жоопкерчилик алышат. Бул өтө оор эмгек. Тарбиячыларга 25% кошумча акы, иш убактысына жараша 1,5 ставка менен төлөө жана класс жетекчилиги үчүн да кошумча акы төлөө керек. Бул чоң чыгым эмес, тарбиячыларга чоң колдоо болмок", - деди депутат.
Нилуфар Алимжанова мугалимдердин айлык акысы көтөрүлгөнү менен тарбиячылардыкы ошо бойдон калып калганын кошумчалады.
Айрым бюджеттик кызматкерлердин айлыгы 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып эки этап менен жогорулай турганы кабарланган. Президенттин жарлыгына ылайык, 1-апрелден тартып техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо эмгек акы төлөө шарттары Министрлер кабинетинин тиешелүү чечимдери менен жөнгө салынуучу билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо чөйрөсүнүн кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт. Маалыматта ал теңдештирүү, тегеректөө жана 1 ставкага 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмдү белгилөө менен көбөйтүлүп жатканы белгиленген.(ZKo)
Шерине