Кыргыз өкмөтү Орусиянын "Росатом" корпорациясы менен сүйлөшүүлөрдү 2022-жылдан бери жүргүзүп келет.
Өткөн жумаларда айрым орусиялык жана жергиликтүү маалымат каражаттары вице-премьер министр Данияр Амангелдиевге шилтеме берип, Бишкек АЭС куруу маселесин жалпы референдум аркылуу чечерин жазышкан.
Бирок Данияр Амангелдиев сөзү туура эмес чечмеленгенин айтууда. Ал АЭС куруу оңой-олтоң иш эместигин, ага ондогон жылдар кетерин белгиледи.
"Азыр байкап жатабыз. Биздин гидроэнергетикалык ресурстарыбыз жетиштүү. Эгер боло турган болсо сөзсүз эл менен акылдашып кылабыз деген мааниде айткам. Эртең болот, бүгүн болот деген маселе жок. Азыр койсок болобу, кандай мүмкүнчүлүк, тобокелдиктер бар, адистер кандай болот, алар жетиштүүбү деген консультациялар гана жүрүп жатат. АЭС куруу оңой маселе эмес, анан калса өтө кымбат иш. Сүйлөшүүлөр беш жылбы же он жылбы, жүрө берет. Эгер суу азайып кетип кризиске учурасак, курганга аргасыз болобуз. Азыр ар тараптуу изилдөөлөр гана жүрүп жатат. Терең талдап, адистерди даярдап, аларды эки жакка окууга жөнөтүп анан гана маселени чечишибиз керек".
Кыргыз өкмөтү соңку жылдары керектөөнүн көбөйүшүнөн, инфраструктуранын иштен чыгышынан жана сезондук факторлордон улам электр энергиясын сырттан импорттого аргасыз экенин айтып келет. Мындан улам бийлик атомдук электр станциясы менен көйгөйдү чечүү жолун караштырууда.
Данияр Амангелдиев азырынча гидроэнергетиканы өнүктүрүү башкы приоритет экенин, АЭС куруу келечектеги жагдайларга жараша болорун кошумчалады.
"Биз өзүбүздүн гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалана элекпиз. Ошол жаатыбызды өнүктүрүп, потенциалыбызды толук пайдаланышыбыз керек. Бирок экономика он, жыйырма жылдан кийин өзгөрүшү ыктымал. Ошого жараша жаңы энергия, жаңы потенциалдар керек болушу мүмкүн. Азыр чөлкөмдө АЭСти Казакстан, Өзбекстан куруп жатат. Гидроэнергетикада сууну чогуу пайдалангандыктан коңшулар менен акылдашып иш кылууга туура келет. Бирок кандай болбосун, АЭС куруу ар бир мамлекеттин ички чечимине жараша чечилет".
"Өзүңдө сынабай туруп, башкага курууга болбойт"
"Росатом" Кыргызстанга РИТМ-200 реактору менен иштей турган чакан станциялардын вариантын сунуштоодо. Бул технология алгач муз флоту үчүн иштелип чыккан.
Орусия тараптын ынандырышынча, РИТМ-200 татаал шарттарда бир канча жылдык сыноодон өткөн жана жер үстүндө колдонууга ыңгайлашкан.
Анткен менен Орусиядагы өзөктүк энергетика боюнча эксперт (аты-жөнү коопсуздуктан улам ачык айтылбайт ) "Азаттык Азияга" бул жүйө суу кечпесин айтты:
"Атомдук станцияны өзүңдө сынап көрмөйүнчө бөтөн аймакка курууга болбойт. Эгер кеп РИТМ-200Н тууралуу болуп жатса, анда адегенде Орусиянын өзүндө куруп, жыйынтыгына байкоо салып, анан ишке берүү логикалуу болмок. Ушундан кийин гана божомолго эмес, тажрыйбага таянган чечимдерди кабыл алса болот", - дейт эксперт.
Орусияда азырынча РИТМ-200Н реакторунун базасында иштеген АЭС жок. Долбоорду жүзөгө ашыруу алгач Якутияда башталган, дүйнөнүн эң суук аймагындагы эксплуатация шарттары Кыргызстандыкынан кескин айырмаланат.
Андыктан технология башка климатка кантип ыңгайлашат деген суроо ачык бойдон калууда.
"Мен азыр "Кагазда жана кургаган сыяда иштеген гана АЭС коопсуз" деген цитатанын авторун эстей албай жатам. Бирок бул калетсиз сөз. Кагазда бул жарнама долбоорундай көрүнөт - кооз графикалар, диаграммалар, станция ишке жарамдуу болот деген эсептөөлөр. Бирок анын баары иш жүзүндө далилденген эмес. Инженер катары айтсам, татаал техникалык жабдыктар чогултулмайынча, анын иштиктүүлүгүн далилдөө да мүмкүн эмес", - дейт орусиялык эксперт.
Кыргызстандык энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев атомдук электростанциялар гидроэнергетика ресурстары чектелүү аймактарда куруларына көңүл бурду.
Кыргызстан болсо гидроэнергетикалык потенциалы бийик өлкө катары эсептелет. Эксперттердин айтымында, тоолордон аккан дарыялардын ресурсу жылына 140–160 миллиард киловатт-саат электроэнергиясын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет, бирок иш жүзүндө анын 10% гана колдонулат.
Умбеталиев муну менен катар Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу зонада жайгашканын түшүндүрдү. Мындай шартта АЭС куруу өтө опурталдуу.
"Росатом" 55 мегаваттык чакан АЭС курууну сунуштап жатат. Бирок биздин өлкө тоолуу, анан калса сейсмикалык активдүүлүгү жогору. Кандай гана атомдук станция болбосун, анын бузулуу тобокелдигин четке кагууга болбойт. Биздин территориянын 90% тоолуу, тоо кыртыштарын пайда кылган процесстер тынымсыз жүрүп турат, жыл сайын жер титиреп, кээде 4-5 баллга жетет. Мындай учурда "бузулбайт" деген кепилдикти эч ким бере албайт. Алар түздүктү сунушташууда, бирок сейсмологиялык коркунуч дээрлик бардык жерде тооруп турат", - дейт Умбеталиев.
Дагы бир эксперт Эрнест Карыбеков атомдук энергетика, уранды казып алуу жана аны өндүрүштүк максатта иштетүү жаатында тажрыйбасы жок өлкө чечимди салттуу тармактан издеши керек деп эсептейт.
Анын айтымында, жылуулук электр станциясын Кара-Кече көмүр кенинде куруу менен маселени чечсе болот. Карыбековдун эсебинде мындай объект келечекте өлкөнү электр энергиясы менен толук камсыздап, муктаждыкты жоймок.
"Кыргызстан мезгилден артта калбашы керек, бирок негизинен өз ресурстарына - суу жана көмүргө таянганы туура. Эгер алар жетпей жатса, атомдук энергетикага кайрылса болот. Заманбап станциялар чындап эле ишенимдүү. Бирок кеп чакан станциялар тууралуу болгондо суроо туулат, алар бизге керекпи? Эгер Кара-Кечеде кубаттуулугу 1200 мегаватт ЖЭБ курулса, ал 30-40 жылга жетет", - дейт эксперт.
Кыргызстанда 2019-жылы Ысык-Көл облусундагы нааразылык акцияларынан кийин уран иштетүүгө мораторий киргизилген. Анда жергиликтүү тургундар Кызыл-Омпол кениндеги геологиялык чалгындоо иштерине каршы чыгып, уранды казып алуу экологияга терс таасирин тийгизет деп кооптонушкан.
2020-жылдагы элдик толкундоодон кийин Садыр Жапаров бийликке келгенде уран боюнча талкуулар кайра жанданып, парламент 2024-жылы мораторийди алып салган. Президент анда уранды иштетүүнү Кыргызстан өз колуна аларын билдирген.
Эксперттер уран казылган күндө да аны АЭС үчүн отунга айлантуу татаал экенин, Борбор Азиянын бир дагы өлкөсүндө мындай технология жоктугун эске салышат.
"Росатом" эмне үчүн Борбор Азияны мелжеп турат?
"Росатом" учурда Борбор Азиянын үч өлкөсүнө кызыгууда. Өзбекстандын Жизак облусунда курула турган АЭС долбоору "интеграцияланган өзөктүк кластер" деп аталып - бир аянтка ар кандай масштабдагы жана типтеги объектилерди жайгаштыруу каралууда. Бири Кыргызстанга сунушталган РИТМ-200 реактору экөө чакан АЭС. Андан тышкары ВВЭР-1000 реактору экөө ири АЭС курулат.
Казакстанда "Росатом" ВВЭР-1200 реакторунан турган эки энергоблоктуу АЭС курууга камынууда (дагы эки станция куруу укугун өлкө Кытайдын CNNC корпорациясына берген).
Казакстанда АЭСти иштетүү боюнча референдум 2024-жылы өткөн. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев андан кийин атомдук электр станциясын куруу - уранды иштетүүдөн тарта электр энергиясын өндүрүүгө чейинки "толук өзөктүк чынжырды" түзүүгө багытталганын айткан. Өлкө уран казып алуу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.
Орусиялык эксперттин айтымында, Москва мурдагы постсоветтик аймакка АЭСти бир канча себептерден улам курууда.
Биринчиден, "Росатом" жаңы буюртмаларга жана каржылык агымдарга муктаж. Украинада согуш башталгандан кийин корпорациянын Европадан буюртма алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик нөлгө түшкөн.
Орусиянын өзүндө Ленинград, Курск, Смоленск атомдук электр станцияларындагы эски реакторлорду "алмаштырган станциялар" гана курулууда. Мындан улам корпорация чет өлкөлөрдө жаңы аянтчаларды издеп, энергия тартыштыгын баштан кечирип жаткан Борбор Азия чөлкөмүндө долбоорлорун жигердүү илгерилетүүдө. Бул сунуштар насыялык схемалар менен коштолуп, формалдуу түрдө жагымдуу көрүнөт.
Буюртмачылар үчүн "Росатомду" тандоо Москвага көз карандылыкты күчөтөт. Москва ЕАЭБге мүчө Кыргызстан менен Казакстанды өз өнүмдөрү үчүн рынок катары көрөт.
Ал эми Өзбекстан Кыргызстан сыяктуу эле Орусияда жүргөн эмгек мигранттарынын акча которууларына көз каранды.
"Эмне үчүн "Росатомго" станцияларды чет өлкөдө куруу пайдалуу? Атомдук станциялар, адатта, Орусия Федерациясынын мамлекеттик экспорттук насыяларынын эсебинен курулат. Мисалы, Островецтеги (Беларус) эки блоктун курулушунун 90% ушундай насыянын эсебинен төлөнгөн. Калган 10% дагы Орусиянын мамлекеттик банкы - ВТБ каржылаган. Башкача айтканда, иш жүзүндө өз каражаттары болгон эмес - бул көз карандылыктын жашыруун формасы", - деп белгилейт орусиялык эксперт.
Эксперт каржыдан тышкары технологиялык көз карандылыкты да эске алуу керектигин белгилейт. Буюртма берген өлкөлөр АЭС үчүн Орусияда өндүрүлгөн отунду сатып алып, радиоактивдүү таштандыларга байланыштуу жана АЭСти тейлөө жаатында Москва менен кызматташууга аргасыз болот.
Шерине