Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:05

ТикТокту ачуу талабы парламентте айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир нече жыл мурун бөгөттөлгөн ТикТоктун иштөөсүн кайра жандантуу маселеси эми Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Парламенттин 15-апрелдеги отурумунда депутат Махабат Мавлянова өкмөттөн бул социалдык тармакты ачуу маселесин кароону суранды.

Депутат ТикТок кыргызстандыктар үчүн көңүл ачуучу портал гана эмес, каражат табуучу булакка да айланганын белгиледи.

"Ансыз деле VPN менен кирип, көрүп атышат, демек бөгөттөө максатына деле жеткен жок. Албетте, биз улуттук коопсуздук, жаш муундардын тарбиясы сыяктуу маанилүү маселени эске алуубуз керек. Бирок тыюу салуу менен эч нерсе чече албайбыз. Бул платформа айрым жарандарыбыз үчүн киреше булагы да болуп калды", - деди Махабат Мавлянова.

ТикТок социалдык тармагын бөгөттөө чечимин кайрадан карап чыгуу сунушун буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана миграция министрлиги да көтөргөн. Министрдин орун басары Марат Тагаев Кыргызстанда ТикТокту жабуу жаштардын аудиториясына, платформаны ишкерлигин өнүктүрүү үчүн колдонуп келген креативдүү индустрия жана чакан бизнестин өкүлдөрүнө терс таасирин тийгизгенин белгилеген.

Кыргызстанда ТикТок социалдык тармагына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тыюу салган. 2024-жылы апрелде Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы интернет провайдерлерге ТикТок платформасын бөгөттөөнү тапшырган. Андан бери аталган соцтармакка пайдалануучулар VPN аркылуу кирип келишет. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG