Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

ИИМ Айдарбековдун дагы башка мыйзам бузуулары аныкталганын билдирди

Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чыңгыз Айдарбековго козголгон кылмыш ишин тергөөдө анын дипломаттык ишмердиги учурундагы мыйзамсыз иштери аныкталганын билдирди.

Мекеме 15-апрелде тараткан маалыматка караганда, 14-апрелде анын үйүн тинтүү учурунда мүлктүк активдерди мыйзамсыз каттоого тиешеси бар документтер табылган. Көп кабаттуу турак жайдын курулушуна үлүштүк катышуу келишимдери боюнча 18 төлөм квитанциясы, эсептешүү актысы жана анын атына катталган үч үлүштүк келишим алынган.

ИИМ Чыңгыз Айдарбеков документтерди жасап, иш жүзүндө кооперативге кийинчерээк мүчө болгонуна карабастан, өзүн мыйзамсыз түрдө коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин негиздөөчүсү катары каттатканы аныкталганын кабарлоодо. Ага кооперативге таандык батирди жана башка кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган деген кине коюлду.

Андан тышкары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен Чыңгыз Эгембердиев (Чыңгыз Айдарбековдун мурдагы фамилиясы Эгембердиев болчу) дипломатиялык кызматта иштеп турганда ичимдик, тамеки аткезчилигине жана визаларды мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар деген вербалдык нота түшкөнү аныкталганы айтылды. ИИМ ал ушундан улам президенттин жарлыгы менен дипломатиялык даражаларынан ажыратылганын кошумчалады.

“Мындан тышкары, болгон маалыматтарга ылайык, Чыңгыз Айдарбеков фамилиясын өзгөрткөн, буга чейин ал Чыңгыз Эгембердиев деген ат менен белгилүү болгон. Аталган өзгөртүүлөр вербалдык нота келгенден кийин жасалган. Мында жаңы фамилиясы анын апасы тарабынан чоң таятасынын атасынын фамилиясына өзгөртүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

14-апрелде Ички иштер министрлигинын кызматкерлери Чыңгыз Айдарбековдун үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Ушул эле күнү кечинде ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыбы угузулуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. ИИМ Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштер министри болуп иштеп турганда бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгымдаган деп айыптап жатат.

Ал “Азаттыкка” комментарий берип, жемкорлук жана аткезчилик иштерге тиешеси жок экенин айткан.

23-мартта Ютубдагы ээси ким экени белгисиз канал “Чыңгыз Айдарбековдун чуулгандуу кылмыштары. Эл чындыкты билиши керек!” деген тема менен 5 мүнөттөн ашык видео жарыялаган. Анда “Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде иштеп жүргөндө түркмөн жарандарына Кыргызстандын визасын сатып, аткезчилик менен алектенгени” айтылат. Ушундан улам Түркмөнстан Чыңгыз Айдарбековду “персона нон грата” деп жарыялаганы сөз болгон.

Чыңгыз Айдарбеков бул маалыматты ошондо эле төгүндөп, “персона нон грата” деп жарыяланган адам ал өлкөгө кире албай каларын, ал соңку 10 жылда Түркмөнстанга бир нече жолу барганын билдирген. Ал эми Бишкектеги мүлк чыры боюнча Жогорку соттун чечими бар экенин, каражат төлөнгөнү тууралуу бардык дүмүрчөктөрү колунда турганын кошумчалаган.

№21 округдан шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта жазган арызынын негизинде алынып, кийин өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Добуштардын саны боюнча андан кийинки орунда турган Чыңгыз Айдарбековго мандат бериле элек. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.

49 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков соңку алты-жети жылдан бери саясатка аралашып жүрөт. 1998–2008-жылдары Тышкы иштер министрлигинде атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болуп эмгектенген.

2016-жылы Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болгон. 2018-жылы тышкы иштер министри болуп дайындалса, 2021-жылдагы шайлоодо “Альянс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Ал чакырылышта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына шайланып, бирок кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу бийликтин чечимине каршы чыккан.

Мындан соң комитет төрагалыгынан кетип, “толук жана ыйгарым укуктуу элчи” деген дипломатиялык наамынан да ажыратылган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG