Түркияда 15-апрелде дагы бир мектепте ок атуу болуп, төрт адам каза тапты. 20дан ашуун киши жаракат алды. Бул акыркы эки сутка ичинде мектепке жасалган экинчи кол салуу болду.
Окуя өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында болгон. Маалыматтарга караганда, каза болгондордун арасында бир мугалим жана үч окуучу бар.
Губернатордун айтымында, кол салган адам ошол эле мектептин окуучусу болгон. Ал ок атуудан кийин өз өмүрүнө кол салганы кабарланууда. Бирок ал каза болгон төрт кишинин тизмесиндеби же жокпу так айтылган жок.
Түрк маалымат каражаттары бийликке таянып жазгандай, ок чыгарган бала сегизинчи класстын окуучусу болгон. Ал мектепке беш даана курал алып келген, алар мурдагы полиция кызматкери болгон атасына таандык болушу мүмкүн. Кол салуунун себептери азырынча белгисиз.
Социалдык тармактарда тараган видеолордо окуучулардын мектеп имаратынан качып чыкканы, айрымдары экинчи кабаттан секирип жатканы көрүнөт.
14-апрелде Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан кесиптик лицейге кол салууда 20га жакын адам жаракат алган. Жабыркагандардын көбү лицейдин окуучулары болгон.
Маалыматтарга караганда, анда да лицейдин мурдагы окуучусу кол салган. Полиция келгенден кийин ал өз жанын кыйганын бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Сиверек шаарындагы бул окуяда кол салган жигит 18 жашта экени айтылган. Алгач ал курал менен лицейдин короосунда ок чыгарып, андан кийин имаратка кирип, атышууну уланткан. Айрым окуучулар качып кутулуу үчүн терезеден секирүүгө аргасыз болушкан.
Түркияда мындай кол салуулар өтө сейрек кездешет. Азырынча акыркы эки окуянын өз ара байланышы бар-жогу тууралуу маалымат жок.