Кытай Иранды Ормуз кысыгында коопсуздукту камсыздоого чакырды

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И. Архив

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Иранды Ормуз кысыгындагы кыймылдын коопсуздугун жана эркиндигин камсыздоого чакырды. Кытайдын тышкы саясий мекемеси тараткан маалыматка караганда, министр ирандык башкы дипломат Аббас Аракчи менен телефондон сүйлөшүүсүндө азыркы абалды тынчтык менен жаңжалдын кырында турган “маанилүү учур” деп сыпаттады жана деңиз транзитин ачууда Ирандын суверенитетин сактоого үндөдү.

“Аракчи Кытайдын ролун кубаттады жана жаңжалды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө умтулганын белгиледи”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бир нече күн мурун АКШнын аскер флоту Ирандын портторун бөгөттөгөн. АКШ менен Израил чабуул баштагандан бери Тегеран Ормузду иш жүзүндө жапкан.

Сөз болгон кысыктан дүйнөдөгү мунай менен газдын 20 пайызы өткөндүктөн, глобалдык энергетикалык кризис жаралды.

Тараптардын Исламабаддагы сүйлөшүүлөрүндө мунаса табылбаганы менен ортомчулар 22-апрелде аяктап жаткан ок атышпоо макулдашуусун узартууну жана диалогду жандандырууну көздөшөт.

Ирандын кара майына муктаж болгон Кытай региондо стабилдүүлүк орнотуу аракеттерине активдүү катышып келатат.

Дагы караңыз

Түркияда мектепте ок жеп каза тапкандар тогузга жетти, үч кишинин абалы оорТрамп Израил менен Ливандын лидерлеринин жолугушуусу өтөрүн билдирдиПрезидент кызматкерлер Ысык-Көлдү торлордон тазалап бүтө албай жатканын айтты