Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Түркияда мектепте ок жеп каза тапкандар тогузга жетти, үч кишинин абалы оор

Ок атуу болгон мектеп. Түркия, 15-апрель 2026-жыл.
Ок атуу болгон мектеп. Түркия, 15-апрель 2026-жыл.

Түркияда 15-апрелде мектепте болгон ок атуудан каза тапкандар тогуз кишиге жетти, 13ү жарадар болду.

Окуя өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында болгон. Маалыматтарга караганда, каза тапкандардын арасында сегиз окуучу жана бир мугалим бар.

Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчинин айтымында, жаракат алгандардын алтоо реанимацияда жатат, үчөөнүн абалы оор.

Буга чейин төрт кишинин өлгөнү кабарланган. Губернатор Мүкеррем Үнлүер кол салган адам ошол эле мектептин окуучусу болгонун билдирген.

Түрк маалымат каражаттары бийликке таянып жазгандай, сегизинчи класстын окуучусу мектепке беш даана курал алып келген, алар мурдагы полиция кызматкери болгон атасына таандык болушу мүмкүн. Жергиликтүү NTV телеканалы баланын атасы кармалганын маалымдады.

Кол салуунун себептери азырынча белгисиз.

Социалдык тармактарда тараган видеолордо окуучулардын мектеп имаратынан качып чыкканы, айрымдары экинчи кабаттан секирип жатканы көрүнөт.

Бир күн мурда, 14-апрелде Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан кесиптик лицейге кол салуудан 20га жакын адам жаракат алган. Жабыркагандардын көбү лицейдин окуучулары болгон.

Маалыматтарга караганда, анда да лицейдин мурдагы окуучусу кол салган. Полиция келгенден кийин ал өз жанын кыйганын бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Сиверек шаарындагы бул окуяда кол салган жигит 18 жашта экени айтылган. Алгач ал курал менен лицейдин короосунда ок чыгарып, андан кийин имаратка кирип, атышууну уланткан. Айрым окуучулар качып кутулуу үчүн терезеден секирүүгө аргасыз болушкан.

Түркияда мындай кол салуулар өтө сейрек кездешет. Өлкөнүн катаал курал-жарак мыйзамдарына ылайык, курал алып жүрүү лицензиясына уруксат 21 жаштан тартып берилет.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG